ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн уурдалган 45тен ашык кымбат-баалуу унаалар Кыргыз мамлекетинен табылды

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн уурдалган 45тен ашык унаа Кыргыз мамлекетинен табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Азырынча аталган мекеме унаалар качан уурдалып, качан кармалганын айта элек. Маалым болгондой, уурдалган унаалардын ичинде Лексус, Тойота, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жол тандабастар бар. Машиналардын 82 пайызынын VIN-сыр белгиси өзгөртүлгөн. Уурдалган унаалар алгач Казакстанга алынып келип, андан бери Кыргыз мамлекетине жеткирилген.

ИИМдин маалыматы боюнча, Орусиянын аймагында унааларды уурдоо менен алектенген кылмыштуу топ бар. Анын курамы Орусиянын жарандары жана Орусияда жүргөн Кыргыз мамлекетинин жарандарынан турат деген маалыматтар айтылууда. Алар ЕАЭБге кирген мамлекеттерден уурдалган унааларды каттоо үчүн жасалма документтерди даярдоо менен дагы алектенишет.

"Казакстандын жарандары Орусиянын аймагынан уурдалган унааларды жасалма документтер менен мыйзамсыз түрдө Казакстанга айдап келишип, Кыргыз Республикасынын чек арасына чейин жеткирип жүрүшкөн. Андан соң кээ бир мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлердин кийлигишүүсү менен унаалар Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүп, Кыргыз мамлекетинин жарандарынан түзүлгөн кылмыштуу топторго өткөрүлүп берилип турган.

Ал эми жасалма документтерди мыйзамдаштырып, каттоо органдарына каттатыш үчүн унаанын кыймалдаткычынын жана кузовунун номурларын түп-тамыры менен өзгөртүп жүрүшкөн. Бул кылмыш ишине Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорттук каражаттарды жана айдоочулардын санын каттоо департаментинин кызматкерлеринин катыштыгы бар. Анткени унаалардын документтери жасалма экендигин билип туруп, транспорттук каражаттардын кыймылдаткычы менен кузовунун номурларын өзгөртүшүп, каттоого алып жүрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча тергөөнүн жүрүшүндө унааларды мыйзамдаштырган 28 факты катталган. Анын негизинде кылмыш иши козголуп, толугу менен иликтенүүдө. Алардын ичинен 3 факты боюнча тергөө-иликтөө иштери толугу менен аяктап, сотко жөнөтүлгөн. Кылмыш жоопкерчилигине шектүү 19 адам тартылган. Анын ичинде экөө мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлери. Ал эми 11 жаранга карата сот тарабынан камакка алуу чечими чыгып, 3 шектүү жаранга издөө жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
orun
2018-01-21 17:58:47
Ана кыргыздын чондоруу, мына кыргыздын чондоруу. Мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлери кылмышкер болуп чыга келишет. Эхх мынтип журсо олком качан бутуна турат... Биз кыргыздар омур бою мигрант болуп отобузбу, ошол органдарда иштеп жаткан, жеп тойбогон коррупционер-кылмышкерлердин айынан...
+12
orun
2018-01-21 18:00:59
Бизге И. Каримовдой жана Шавкат Мирзоевдей таза иштеген, катуу тартип менен башкарган президент керек даа..
+9
Real.88
2018-01-21 20:22:47
orun,
Шавкат акани билбедим го,
Бирок Каримовдой диктатордун кереги жок!!!
Бизде отконкунку шайлоодо бир эле татыктуу талапкер бар болчу.Ал А.Мадумаров!!!
Эки шайлоодо тен кыргыз Эли колдоп добушун Берген менен, бийлик тарап откорбой келет.Эми Аша менен Сокем кезектешип башкарып элди кыйнабаса эле болду...
+9
maks94.kb
2018-01-21 21:28:27
Кудайга шүгүр жакшы эле биздин өлкөдө эркиндик бар каалаган учурда каалаган ишиңди жасай аласың Өзбекстандын мамлекетти онуксо өнүкондур бирок эли карапайым эле жана бирөөнүн аялы бирөөгө кыз көрүнөт да кези келгенде Кыргызстан да өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет буйруса акырында баары боло
+3
Nurik1988
2018-01-22 00:33:43
maks94.kb,акырындык менен жок болуп баратат десен Аша менен соке ондой албайт екобу тен байлык чогутканы келген адамдар бийлике.Мисалы Атамбай бир козго корунуктуу иш кылбады алтын жылда ким сурака алды эчким алган жок. Болгону атамбайды коргогондорго уй бериптир карапайым элге биржа иш кылган жок. Чын чынына келгенде Бакиевтин убагында кичине онугу болуп бараткан болчу.
+2
Nurik1988
2018-01-22 00:35:45
Бизде чиновниктер оздору ууру бирида чын дилден иштейин деп келген емес. Баары байлык учун келгендер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан