Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында жетим балдар жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдардын маселеси талкууланат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, баяндаманы өкмөттүн социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова жасайт. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери чакырылган.