КСДПнын курултайы февралдын аягында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда SUPER.KG порталына аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов билдирди.
Ал курултайда партиянын ички маселелери талкуулана турганын айтты.
Буга чейин депутат Рыскелди Момбеков партиянын саясий кеңешинин төрагалык кызматына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги карала турганын билдирген.
КСДПнын жыйыны декабрь айында өтө турганы айтылган. Андан кийин январь айында өтөт деген маалыматтар жарыяланган.
Алмазбек Атамбаев 24-ноябрда президенттик ыйгарым укуктарын тапшырган.