КҮНСЕРЕП: "Акылдуу шаарды" куруп, "Мегакомду" сатып алмакчы болгон инвесторго суроо көбөйдү
Бүгүн, 22-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Ушул жылдын январь айынын соӊунда Бишкекте "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында алгачкы видеокамералар орнотулуп баштайт. Борбор шаарда 123 көчөнүн кесилишине видеокөзөмөл коюлмакчы.
Долбоордун толук кандуу иштөөсүнө автоунааны ишеним кагазы менен айдоо маселе жаратары анык. Буга чейин пилоттук долбоор катары Бишкектин айрым жерлерине видеокөзөмөл коюлуп, камералар эреже бузууларды тартуу менен өз милдетин аткарышкан. Каттоого алынган эреже бузуулар боюнча айып төлөтүүгө келгенде маселе жаралган. Анткени өлкөдө айдоочу автоунааны сатып алганда өз наамына каттатпай эле башкы ишеним кагазы менен алган учурлар өтө көп. Автоунааны өзүнө каттатуу менен башкы ишеним кагазды жаздырып алуунун акысында айырма чоң болгондуктан, сатып алуучулар көбүнчөсү экинчи учур менен чектелишет. Айып тууралуу билдирме автоунаа кимдин наамына катталган болсо ошол жарандын дарегине барат. Ал жаран аталган унааны учурда ким айдап жүргөнүн, кайда жүргөнүн билбейт. Ошентип систем ушул жерге келгенде үзүлөт. 2016-жылы Бишкектин бир эле жериндеги фото-видеофиксация жол эрежесин бузган 80 миң айдоочуну каттаса, алардын 30 пайызы гана айып пулду төлөгөн. 70 пайыз эреже бузуучулардын айып билдирмелери дарегин таппай калган.
Бул маселени өкмөт кантип чечет? "Акылдуу шаар" иштеши үчүн автоунаалар айдап жүргөн чыныгы кожоюнуна катталуусу кажет. Айдоочулар өз унаасын өзүнө каттатууга кызыкдар болуусу үчүн кандайдыр бир стимул керек. Мисалы, автоунааларды кайра каттатуунун баасы арзандашы мүмкүн. Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин билдиришинче, унааларды кайра каттатуудагы 1 пайыздык тарифти 0,3 пайызга түшүрүү сунушталды. Ага ылайык, 1000 сомго кайра каттата турган автоунааны 300 сомго каттатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул жеӊилдик убактылуу гана берилип, тарифтер кайра калыбына келтирилет. Департаменттин сунушу азыркы тапта Юстиция министрлигинин кароосунда.
"Акылдуу шаардын" алкагында электрондук нотариус системи ишке киргизилип, анын алкагында кайсы унаа кимдин атына катталып жатканын бирдиктүү базадан көрүп турууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп күтүлүүдө. Азырынча автоунааны өзүнө каттатпай, башкы ишеним кагазынын негизинде айдап жүргөн айдоочуларга Департамент да, МАИ кызматы да чара колдоно албайт. Мыйзамга ылайык, айыпты унаанын мыйзамдуу ээси төлөөгө тийиш. Андыктан унаа сатып жаткан адам сатып алып жаткан тараптын автоунааны биротоло өзүнө каттатып алуусуна кызыкдар болушу керек. Мындай иштер аткарылбаса 60 миллион доллардык “Акылдуу шаар” иштебейт...
"Акылдуу шаар" долбооруна тийиштүү жаӊы маалыматтар ачыкка чыгууда. Алгач долбоорду Кытайдын "Huawei" компаниясы ишке ашыра турганы жарыяланып, өкмөт бул компания менен тендерсиз, түз инвестициялык келишим түзүлгөнүн жарыя кылган. Көп өтпөй долбоорго "Huawei" менен биргеликте 9 миллион доллар үлүшү менен "АКА Инвест" (мурдагы "АКА минералз энд майнинг") компаниясы да киргени ачыкка чыкты.
Ушул эле "АКА Инвест" бул арада "Мегаком" компаниясын сатып алуу ниетин билдирди. Инвестицияларды алдыга жылдыруу агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов жарандык активисттердин көптөгөн суроолорунан улам "АКА Инвест" компаниясын "Huawei" өзү тапканын, бул компанияда Кыргыз тараптын кызыкчылыгы жок экендигин жарыялады. "АКА Инвест" компаниясын эгер "Huawei" өзү тапканы, алардын иштешип келгени чын болсо, буга чейин кайсы долбоорлорду биргеликте ишке ашырышты эле? Аталган эки компания өз алдынча өнөктөш болуштубу же Кыргыз тарап "АКА Инвестти" "Huawei" компаниясына таӊуулап кошуп бердиби? Бул өңдүү суроолор азырынча ачык бойдон турат. Германиядан расмий тастыкталды деп интернетке жарыяланган маалыматтарга таянсак, "АКА Инвестти" түптөөчүлөрдүн бири - "АКА Петролеум" 25 миӊ евро уставдык капиталы менен 2014-жылы Германиядан каттоодон өткөн. Компания 1 айдан кийин Кыргыз жеринде "Терексай жаштары" деген ишкана ачып, ал ишкана Чаткалда сурьма кенин иштетүү укугун утуп алган.
Уставдык капиталы 25 миӊ еврону түзгөн, 2014-жылы пайда болуп, буга чейин мындай ири долбоорлорго катышканы ачыктала элек компания чын эле "Акылдуу шаарга" 9 миллион доллар жумшап, "Мегакомдун" 100 пайызын сатып ала алабы? Кыргыз өлкөсү кайрадан дагы бир “Лигласс” окуясына чалынбайбы?
Буга чейин Эсенкул Момункулов "Huawei" менен "АКА Петролеум" өз ара кызматташып жүргөнүн, бири-бирин тааный турганын айткан эле. Бирок бул компаниялар кайсы өлкөлөрдө, кандай долбоорлордо чогуу иштегени жөнүндө өкмөттөн да, "Huawei" компаниясынан да маалымат берилген жок...