Бишкекте жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 20-январь күнү саат 19:30 чамасында Бишкектин Садырбаев көчөсү менен Түштүк магистралынын кесилишинде болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен 55-60 жаштагы жөө адамды сүзүп, качып кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден жан берген.

Ал эми окуядан көп өтпөй 29 жаштагы С.Э. аттуу айдоочу кармалган.

Анын айтымында, үй-бүлөсү менен келе жатып маркумду сүзүп алган. Балдары ыйлап баштагандыктан кетип калган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
farida.kg.1991
2018-01-23 02:24:07
Качып кутулам деп ойлогон адамды олтуруп качканы менен тынч журо албайт олтургон адамдын арбагы койбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан