Бүгүн, 23-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
2018-жылды президент Сооронбай Жээнбеков "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялап, бул боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бишкекте бүгүн ошол жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү.
Өлкө жетекчиси Бишкектин тегерегине гана басым жасалып, аймактарды өнүктүрүү иши тегиз жүрбөй жатканын эскертти. Кайсы райондон депутат же чиновник көп болсо, кредиттик, гранттык жана бюджеттик акча ошол аймакка кетип, өнүгүүнүн балансы бузулду дейт Жээнбеков. 2014-жылы ал кездеги депутат Өмүрбек Текебаев айрым аймактардан парламентке 17 депутат шайланып, 100 миӊ шайлоочусу бар Сокулуктан бир да депутат жок экенин айтып чыккан. Текебаев мандат бөлүштүрүүдө аймактардан жетиштүү добуш алган талапкер мандат алышы керек, аймактык квота эске алынууга тийиш деген мыйзам долбоорун сунуштап, колдоо тапкан эмес. Бирок парламентке келген партиялардын БШКдан бекилген тизмеси менен учурдагы көрүнүш кыйла айырмаланат. Партиялар депутаттык мандатты баары бир ирети менен эмес, кайсы бир айласын таап “салымына” жараша бөлүштүрүп келишүүдө.
Аймактарды өнүктүрүү президент Жээнбековдон канчалык көз каранды болсо, ошончо деңгээлде жергиликтүү бийлик органдарынын ишине да байланыштуу. Жергиликтүү кеӊештерде саясий партиялардын тирешинен улам айыл өкмөт башчысын же мэрди шайлоо улам үзгүлтүккө учурап жаткан аймактар бар. Мисалы, Жалал-Абад шаардык кеӊеши КСДП менен “Өнүгүүнүн” тирешинен улам 2 жолу мэр шайлай албай таратылган. Кайра шайлоо өткөрүү - бюджетке ашыкча чыгым алып келүүдө. Жээнбеков жергиликтүү кеӊештер мындай маселелерин чече алышпаса борбордон түз башкаруу киргизилет деп эскертти. Жээнбеков бул тартип мыйзамда көрсөтүлгөнүн, бирок бир да жолу колдонулбаганын айтты.
2017-жылы Өзбек президенти Шавкат Мирзийоев жакырчылыкты жоюу үчүн ар бир үй-бүлөдө чакан бизнес болушу керек деген пикирин жарыялаган. Өзбек башчысы жакырчылыктан чыгуу үчүн ар бир үйдө 100дөн тоок багып, жумурткасын сатыш керек деп чыккан. Кыргыз президенти миграция агымын азайтуу үчүн элге уй багып, сүтүн сатууну сунуштады. Ажо 3-4 саан уй 1 үй-бүлөнү кенен багат деген ишеничте. Жээнбеков ишке жарамдуу жарандардын көчүп кетүүсү, чет жерлерге иштеп келүүгө агылуусу аймактардын өнүгүүсүн артка тартып жатат дейт. Ишке жарамдуу жарандардын өз үйүндө, аймагында кармалуусу үчүн, албетте, аймактарда иш орундары керек.
Ажонун аймактарды өнүктүрүү аракети оппозиция өкүлдөрү тарабынан да колдоо табууда. Эмилбек Каптагаев аймактарды өнүктүрүү саясаты – өлкөнү туруктуу өнүктүрүүдө туура жол экенин, азыркы тапта оппозиция-позициясы биргеликте бардык күчтү, акыл-тажрыйбаны, аракетти ушул тармакка жумшоо зарыл экенин жазып чыкты. Айтылган сөз расмий жыйындарда, кагаздарда гана калып калбай, реалдуу аракет 21-кылымда чырак менен күн көргөн, чек ара жаӊжалы бүтпөгөн айылдарга да жетсе...
Бишкек-Ош жолундагы Чычкан дарыясына түшүп кеткен бензовоз чыгарылды. Унааны чыгарууга Нарын ГЭС ишканасынан 100 тонналык чоң кран барган.
Бишкек-Ош жолунда акыркы 10 күндүн ичинде эле күйүүчү май ташыган 5 унаа жол кырсыгына учурады. 13-январда Чычкан капчыгайында бензовоз жеӊил унаа менен сүзүшүп, 4 адам каза болгон. 14-январда трассада 2 бензовоз оодарылып кетип, жалпы 30 тоннадай күйүүчү май төгүлгөн. Ушундай эле кырсык 16-январда орун алды. Ал эми 20-январда бензовоз Чычкан суусуна кулап, 1 адам каза болду. Сууга төгүлгөн бензиндин айынан аймактагы балык чарбалардын биринде 2 тоннадай балык өлгөнү маалым болду. Ал эми Чычкан суусунун өзүндөгү, дарыя агып кирген Токтогул суу сактагычындагы балыктар кандай зыян тартканы азырынча тактала элек.
Кыргызстан мунай ташуучулар уюмунун маалыматы боюнча Кыргыз өлкөсү күйүүчү майдын 80 пайызын сырттан алып келет. 20 пайызын Кара-Балтадагы "Жунда" заводу өндүрүүдө. Өлкөнүн түштүк аймагына күйүүчү май Бишкек жана Кара-Балтадан Бишкек-Ош трассасы аркылуу ташылат. Кадимки жүргүнчүлөрдүн кыймылы үзүлбөгөн бул жолдо күйүүчү май ташуу адам өмүрү, экология үчүн кооптуу экенин соӊку окуялар көрсөтүүдө. "Кыргыз темир жолу" ишканасы күйүүчү майды Орусиядан Ошко темир жол аркылуу түз ташууну сунуштап жатат. 2017-жылдын 1-декабрынан тарта Орусиядан Ошко Казакстан аркылуу темир жол менен жүк ташууга бирдиктүү тариф киргизилген. Бул товарларды арзан жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мисалы, "Омск" темир жол станциясынан "Кара-Балта" станциясына 1 тонна күйүүчү майды жеткирүүнүн баасы 2436 сом, Кара-Балтадан Ош шаарына жеткирүүнүн (автоунаада) жол акысы 2860 сом, жалпы 5296 сомду түзүүдө. Ал эми "Омск" станциясынан Ошко түз жеткирүүнүн баасы 5098 сомду түзөт. Же 1 тонна бензинди жеткирүү акысы 300 сомго арзан түшөт.
Күйүүчү майды темир жол менен ташуу каражатты үнөмдөө менен катар Ош-Бишкек жолунда учурда болуп жаткандай кырсыктар тобокелчилигин да азайтат. Бирок бул мүмкүнчүлүктү колдонууга ишкерлер шашылбай эле. 2011-жылы ноябрда кар көчкү түшкөнү үчүн Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылып, түштүк жергесинде бензин тартыштыгы жаралып баалар 3 сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Мындай окуя кайра кайталанбайт деген кепилдик жок. Ал эми жолдо оор жүк ташуучу унаалардын санынын азайышы жарандар үчүн бул жолдо жүрүү ыңгайлуулугун арттырат. Бишкек-Ош жолунун өмүрү да узагыраак болмок...
ЕАЭБдин талабына ылайык, Кыргыз өлкөсү 2019-жылдан тарта К-4 жана К-5 классындагы күйүүчү майды колдонууга өтүүгө тийиш. Орусия, Армения, Беларусь бензиндин К-5 үлгүсүнө 2015-2016-жылдары өткөн. Казакстан менен Кыргыз өлкөсү 2018-жылдын 1-январынан тарта өтүүгө тийиш эле. Казакстандын мунай заводдору 2017-жылдын соӊунда К-4 жана К-5 классындагы күйүүчү май өндүрүүгө киришти. Евразиялык экономикалык комиссия Кыргыз өлкөсүнө 2021-жылга чейин жеӊилдик мөөнөтүн берген. Бирок Жогорку Кеӊеш өлкө аталган стандартка 2019-жылы өтүшү керек деп мыйзам сунуштады. Депутаттар өлкөдө экологиялык абалды эске алып, таза күйүүчү майды колдонууга тезирээк өтүү керек дешет.
К-4 жана К-5 - Европадагы Евро-4 жана Евро-5 деген стандарттын эле башкача аталышы. Кыргызстан мунай ташуучулар ассоциациясынын өкүлү Улан Куловдун билдиришинче, К-4 жана К-5 бензини абага зыяндуу заттарды аз бөлүп чыгарышы менен айырмаланат. Мисалы, К-5 стандартына ылайык бензинде күкүрттүн курамы К-3 бензинине салыштырмалуу 50 эсе аз болот. Ушул тапта Кыргыз жеринде колдонулуп жаткан күйүүчү майдын эӊ тазасы К-3 стандартына араӊ туура келет. К-4 жана К-5 стандарты бензиндин аталышында көрсөтүлбөйт, кадимки АИ-92, АИ-95 деген үлгүлөр колдонууда болот, болгону өндүрүүчү ишкана же лабораториялар күйүүчү майдын К-4 жана К-5 стандартына ылайык келер-келбесин тактап, сертификат берет. Ошентип Бишкектин асманын каптаган түтүн ЕАЭБдин автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү, биримдиктин талабындагы күйүүчү майларды иштетүү өңдүү талаптарынын ишке ашырылуусун ылдамдатты...