Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүгө эмне түрткү бербей жатканын айтты

Бүгүн, 23-январда Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгынын астында аймактарды өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өтүп жатат. Иш-чарага жумушчу топко мүчө болгон министрлер, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.

Мамлекет башчы жыйында сүйлөгөн сөзүндө өлкөнү өнүктүрүү үчүн алгач аймактарды өнүктүрүү зарылдыгын айтты. Анын белгилешинче, аймактардын өнүгүүсүндөгү дисбаланс көп жылдардан бери жоюлган жок.

"Аймактарды өнүктүрүү саясатын өзгөртпөсөк, айырмачылык андан ары тереңдей турган болуп турат. Мамлекеттин өнүгүүсү бир-эки гана аймакка көз каранды болуп калды. Өнүгүү аймагы Бишкектин тегерегинде гана болуп, жалпы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылып турчу таяныч шаардын каркасы пайда болгон жок", - деди Жээнбеков.

Ал мамлекеттин негизги эки инструменти - салык-бюджет саясаты жана акча-кредит саясаты аймактарды өнүктүрүүгө түз түрткү бере албай жатканын белгиледи.

Айта кетсек, өлкө башчы 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган. Жарлыкка ылайык, аймактарды өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан