Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун жыйынында кредиттик, гранттык жана бюджеттик каражаттар аймактарга туура эмес бөлүнүп жатканын айтты. Анын айтымында, кайсы аймактан депутаттар, чиновниктер көп болсо каражат ошол жакка агып кетип жатат.
"Аймактар өз ара салыштырганда да айырмачылыктар чоң бойдон калууда. Дисбаланс көрүнүп турат. Бири өнүксө, экинчиси токтоп турат. Анткени күчтүүсү бюджеттик, гранттык жана кредиттик каражаттарды тартып кетип жатат. Жашырбай эле айтайын, кайсы жактан депутаттар, чиновниктер көп болсо каражат ошол жакка агылып жатат. Өнүгүүнүн балансы бузулду", - деди Жээнбеков.
Айта кетсек, өлкө башчы 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган. Жарлыкка ылайык, аймактарды өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.