Президент: "Аймактардагы жумушка жарамдуулардын көчүп кетүүсү аймактардын өнүгүү потенциалын азайтып жатат"

Бүгүн, 23-январда Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында аймактарды өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун жыйыны өтүүдө. Жээнбеков жыйында жасаган баяндамасында аймактардагы жумушка жарамдуулардын көчүп кетүүсү аймактардын өнүгүү потенциалын азайтып жатканын белгиледи.

"Бул көйгөйлөрдүн баарын рынок өзү чечет, мамлекеттин кийлигишүүсү зарыл эмес деген позиция жарабай калды. Мындан ары бул көрүнүштү кескин өзгөртүү зарыл. Аймактарды өнүктүрүүгө системдүү мамиле жасап, бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн олуттуу, анын ичинде мыйзамдык жаңы чечимдерди кабыл алуу зарылчылыгы жаралды", - деди президент.

Бюджеттик жана гранттык жардамдарды бөлүштүрүүдө, салык топтоодо дисбалансты жараткан субъективдүү мамилени жоюу керектигин айтты.

"Биринчиден, калктын жыштыгын, айылдын, райондун, облустун географиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аймактык пландаштыруунун критерийлерин жана стандарттарын иштеп чыгуу зарыл. Бул ишти жалгыз эле Каржы министрлигине калтырбай, башка министрликтер менен мекемелер, жергиликтүү бийлик чогуу аракет кылып, элдин бакубат жашоого, сапаттуу билим алууга, ден соолукка, маданиятка жана спортко болгон муктаждыгын эске алышы керек.

Экинчиден, кредит саясатын аймактардын муктаждыгын эске алуу менен, туура жүргүзүү керек. Улуттук банк акча-кредит саясатына региондорду өнүктүрүүгө багытталган жаӊы элементтерди кошуусу зарыл. Бүгүнкү күндө жеңилдетилген пайыз менен берилүүчү насыялар, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун каражаттары плансыз, системи жок эле бөлүштүрүлүүдө. Айрым аймактар өнүгүп, башкаларга көңүл бурулбай калып жатат. Ошондуктан инвестициялык каражаттардын ар бир аймактын кызыкчылыгына жана өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүшү зарыл", - деп айтты мамлекет башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан