Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз өлкөсүнүн Кувейттеги элчиси кызмат ордуна Самаргүл Адамкулованын талапкерлигин жактырды. Комитет Адамкулованын талапкерлигин жабык эшик артында карап, аны депутаттарга тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев тааныштырды.
Самаргүл Адамкулова буга чейин Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи, Нью-Дели шаарындагы резиденция менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Бангладеш Эл Республикасындагы жана Непал Федеративдүү Демократиялык Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.