Жети-Өгүз районунда кар көчкү алдында калган адам дагы деле табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул окуя боюнча маалымат түшкөндөн кийин ӨКМдан 10 куткаруучу жана жергиликтүү 30 тургун аны издөөгө тартылган. Бүгүн, 23-январда саат 15:00дөр чамасында кар көчкү түшкөн аймактан 2 жергиликтүү тургун тамак-аш алып кетүү үчүн Жети-Өгүз айылына келишкен. Алардын айтуусу боюнча, издөө иштери улантылып жатат. Издөө иштерине көмөк көрсөтүү үчүн бүгүн дагы 20 куткаруучу аталган аймакка жөнөп кетишти", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, 21-январь күнү саат 17:00 чамасында Көк-Жайык жайлоосунун Телти тилкесинде 3 адам отун чогултуп жүргөн учурда кар көчкү түшүп бирөөсүн басып калган.