Бүгүн, 25-январда Бишкек шаардык сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча сот отуруму уланууда. Ишке катыштыгы бар делип 10 жыл 6 айга эркинен ажыратылган Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев түшкү тамактануусуз калганын айтып даттанды.
"Түшкү тамакты жегенге жетишкен жокмун. Сот залынан абакка барганча эле саат 13:00 болуп кетти. Конвойлор артымдан келип эле "убакыт болуп калды" деп алып чыгып кетишти. Бир чыны чай ичип алууга да мүмкүнчүлүк болгон жок. Мен жаш эмесмин, чыдабайм ачка жүргөнгө. Анын үстүнө суук болуп жатат, жай болсо да макул эле. Урматтуу сот, ушул маселени карап коюңуз", - деп өтүнүч келтирди Иманалиев.
Аны алып жүргөн конвойлор да анын айтканын ырасташты. Мындан кийин ишти карап жаткан соттук жамааттын төрагасы конвойлорго мындан кийин түшкү тамак ичүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылды.
Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталган. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Депутат Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотко өткөн жылдын 28-декабрында арыз берген. Анын билдиришинче, Башкы прокуратура да ага коюлган айыптын көлөмү аз экендигин билдирип шаардык сотко кайрылган.
19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.