Темир Жумакадыров каза болгон кырсык боюнча сот: айыпталуучу күнөөнү моюнуна алды

Бүгүн, 25-январда Чүй облусунун Москва райондук сотунда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон жол кырсыгы боюнча сот өтүүдө.

25 жаштагы айдоочу Афтандил Таалайбек уулу бул кырсыкка күнөөлүү деп айыпталууда. Ал күнөөнү моюнуна алды.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 7-октябрь күнү Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө КамАЗ Тойота Прадо унаасын сүзүп, 10-15 метрге чейин сүрүп кеткен. Натыйжада Тойота Прадо унаасынын ичиндеги Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
dosym
2018-01-25 15:30:29
Мойнуна алдырышты деген туура го
+10
Adiletia
2018-01-26 08:57:36
Көпкөн депутат мас болсо керек. Көөп жүрүп ушун көрдүда
0
temirov.2013
2018-01-25 15:45:06
Тагыраагы мойнуна алдырды дешсе жакшы болмок. Акылга сыйбаган нерсе камаз кантип тез ылдамдыкта журсун. Копкон немелер камазды да карабай оз жолунан чыкканго.
+2
taalay25
2018-01-25 16:07:20
Негизи встречный жолго Камаз эмес Джип чыгып кеткен экен. Эми калганын оздору билет
+5
Tyty1990
2018-01-25 17:22:24
Албаса да алдырдынарда. Байкуш камазчы. Камаздар эч качан каршы тилке менен айдашпайт. Ал эми жип айдагандарды коруп эле журобуз.
+1
amirrus
2018-01-25 17:35:30
Кудай бар ар ким кылганына жооп берет
+1
taku1414
2018-01-25 21:55:30
Оз жолу менен бараткан камаздын шоферин куноолу кылып мойнуна алдырышты.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан