Сапар Исаков Швейцарияда өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумга катышты (фото)

Премьер-министр Сапар Исаков 22-январдан 25-январга чейин Швейцариянын Давос шаарында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, экономикалык форумдун алкагында өкмөт башчы беш сессиянын ишине катышып, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Премьер-министр Колумбия университетинин улук аткаруучу вице-президенти Жеральд Росберг, Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Жавад Акбар, Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили, Эстониянын премьер-министри Юри Ратас, Армениянын премьер-министри Карен Карапетян, Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович жана башкалар менен жолукту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
suban78
2018-01-26 09:55:33
Ишине ийгилик Сапар Исаков, кыргызды алдыга суйро эми. Тарыхта атыны калтыр атанын кулагы.
+2
Ali-han
2018-01-26 12:06:44
Ар бир адам менен күлүп сүйлөшөт окшойт шо
0
Azatbek83
2018-01-26 19:28:57
Сапар Исаковго ошол жактан бир 20 30жылга жакшы иш таап берип калышса жакшы болмок.Ошол жактан тажрыйба алып келип пример президент эмес жон эле депутат болуп эле иштей бермек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан