Кенжебек Бокоев: "Журналисттер эмес, депутаттар сүйлөгөндөн коркуп калды"

Бүгүн, 26-январда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында сот реформасы жөнүндө маселе каралып жатат.

Анда депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Соттун, президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев жыйынга келбегенине нааразы болду. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев ички тартип боюнча Манас Арабаев жыйынга келбегенин айтты.

Бокоев Жогорку Сот тарабынан бир жылда 300дөй жаран акталганын эскертип, туура эмес кылмыш ишин козгогон канча тергөөчү жоопко тартылганын сурады.

Башкы прокуратуранын өкүлүнүн айтымында, акталган өкүмдөр бар, жоопко тартылгандар жок.

Депутат жарандардын укугу корголбой жатканын белгиледи.

"300 адамдын укугу бузулуп жатса, эмнеге коргобойсуңар? Президенттин ар-намысына шек келтирилди деп коргоп жатасыңар го. Эмне үчүн 300 жарандын укугу корголбойт? Соттук реформанын чоң бөлүгү Башкы прокуратуранын күнөөсүнөн болуп жатат. Адамдын укугун, эркиндигин, ар-намысын коргобой жатасыңар. Ошондуктан соттук реформада прокуратураны жазалоо органы катары жоюш керек. Соттук реформаны ишке ашырбасак мамлекетибиз өнүкпөйт. Бул дүйнөлүк тажрыйба. Азыркы учурда журналисттер эмес, депутаттар сүйлөгөндөн коркуп калышты", - деди Бокоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан