Бир нече сааттардан соң АКШнын Нью-Йорк шаарында белгилүү музыкалык "Грэмми" сыйлык тапшыруу аземи башталганы турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, жылдын эң маанилүү музыкалык сыйлык тапшыруу салтанаты быйыл 60-жолу өткөрүлүп жаткандыктан жылдагыдай Лос-Анжелесте эмес, Нью-Йорк шаарында өтө турганы белгилүү болгон. Учурда азем башталганга чейин атайын Голливуддун жылдыздары үчүн уюшулган чакан кече өтүүдө. Ага атактуулардан Бейонсе, Жей Зи, Пинк, Кэри Харт, Рита Ора, Зейн Малик баштаган бир топ белгилүүлөр келишкен.
Уюштуруучулардын чет элдик басылмаларга билдиргенине караганда, өткөн жыл хип-хоптун жылы болгон. Мындан улам жылдын негизги сыйлыгына татыктуулардын саны арбын.