Бүгүн, 30-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Парламенттин Отун энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети Бишкек ЖЭБинде (ТЭЦ) көчмө жыйын өткөрүп, соӊку аварияны териштирди. Эл өкүлдөрү ЖЭБ 386 миллион долларга техникалык-экономикалык түшүндүрмө долбоору жок жаӊылоодон өткөнүн айтып чыгышты.
ЖЭБди Казакстандын көмүрүнө байлабай, Кыргыз жеринде өндүрүлүп жаткан көмүр менен иштөөгө ыңгайлаштырып жаңылап чыгуу керектигин Өмүрбек Бабанов премьер кезинде айтып чыгып, аракеттер башталган. Башкы максат - ЖЭБдин электр энергиясын иштеп чыгаруу дареметин күчөтүп, жалпы кубаттуулугун 512 МВттан 812 МВтка жеткирүү эле. ЖЭБ жаңыланган соң Казакстандан көмүр ташуу токтоп, 100 пайыз жергиликтүү көмүргө өтмөк. Ал кездеги пландар боюнча жаңыланган соң суу тартыш болгон жылдары өлкөнүн түндүгүндө электр энергиясынын тартыштыгын дал ушул ЖЭБ жөнгө салышы керек эле. Көрүнүп тургандай, жылуулук-электр борбору электр энергиясы менен камсыз кылмак тургай бир нече күндөн бери Бишкекти жылыта албай жатат.
Кытайдын ТВЕА компаниясы 386 миллион долларга бул ишти аткарат деген мыйзамды Жогорку Кеӊеш 2013-жылы 11-декабрда талаш-тартыш менен кабыл алган. Долбоорду ишке ашырат деп Кытайдын ТВЕА компаниясы тендерсиз тандалган. Парламенттин тармактык комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев ишти ТВЕА компаниясына тапшырууга каршы болуп, ЖЭБди жаӊылоо боюнча ТВЕА техникалык-экономикалык негиздеме бере электе келишимди ратификациялап жатабыз деп айтып чыккан. Кесиптешин депутат Данияр Тербишалиев да колдоп чыккан. Сатып алуулар жөнүндө мыйзам бузулуп жатканын, насыя алынгандан кийин тендер жарыяланып, жеӊген компания ЖЭБди жаӊылашы керектигин айтып чыккан депутаттарга ал кездеги энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев "насыянын шарты ушундай, биз аны аткарууга милдеттүүбүз" деп кутулган. 4 күндөн бери ЖЭБде авариялар орун алып, ЖЭБ кызматкерлери суук менен алыша күнү-түнү көйгөй менен күрөшүп жүрүшөт. Өкмөт башчы Сапар Исаков элге келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады. Ал эми ошол маалда Кытай компаниясына ушул ишти тендерсиз тапшырып, ТВЕА'нын кызыкчылыгын коргогон Осмонбек Артыкбаев өӊдүү чиновниктер дегеле үн катышкан жок.
2013-жылы Кытайдын СМЕС компаниясы Бишкек ЖЭБин 356 миллион долларга жаӊылоону сунуштаган. Бирок Кыргыз тарап СМЕСти тандабай, ишти 386 миллион долларга (30 миллион долларга кымбат) баалаган ТВЕА компаниясын тендерсиз тандап алган. 2016-жылы январда Экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясы ЖЭБде курулуштардын жүрүшүн текшерип, мыйзам бузууларды аныктаган. Мисалы, ТВЕА станцияга коюп жаткан от казандардын тастыктоочу документи жок болуп чыккан. Компания курулуштун документин, сметасын көрсөткөн жок деп расмий маалымат да таратылган. Бул боюнча ТВЕА компаниясына 1 ай мөөнөт берилип, кийин иштин дайыны чыкпай кеткен. Бишкек ЖЭБин жаӊылоо долбоору Бабановдон кийинки премьерлер Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбековдун да көзөмөлүндө болду.
Бишкектин жылуулук электр станциясы 2017-жылы жаӊыланып бүттү. Пландалгандай ишкана 100 пайыз жергиликтүү көмүргө өткөн жок. Мисалы, быйылкы сезондо ЖЭБ 1 миллион тонна көмүр керектесе, анын 450 миӊ тоннасы Казакстандан, 500 миӊ тоннасы Кара-Кечеден, 50 миӊ тоннасы Таш-Көмүрдөн алынып келинет. "Эмне үчүн 100 пайыз жергиликтүү көмүргө өткөрүлгөн жок?" деген суроого депутаттар жооп ала алышпады.
Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Жооптуу мекемелер болсо ЖЭБдеги аварияны эскирген насосторго шылтады. Алдын ала тергөөдө Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы", "Электр станциялары" ишканасы жана ЖЭБдин кызмат адамдары кышка татыктуу даярданган эмес деп табылган. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, "шалаакылыкка" айыпталгандар 100 миӊ сом айыпка жыгылуудан тарта, 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул арада премьер-министр Сапар Исаков түзүлгөн кырдаал үчүн элден кечирим сурап: "Бардык күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабай жазаланышат", - деди. Кыргызда "айран ичкен кутулду, идишин жалаган тутулду", же болбосо “жебеген самсага пул төлөдү” дейт. Ошентип, мурунку премьерлердин тушунда тартипке келтирилиши керек болгон иштердин жообун эл бүгүн Сапар Исаковдон сурап жатат. Жаш, жигердүү өкмөт башчыны жана анын командасын жактырбай жаткан эски системдин көзүрлөрү бул абалды ийгиликтүү пайдаланышууда...
2018-жылдан тарта төрөлгөн ымыркайларга жаӊы тартипте сүйүнчү пул бериле элек. Азыркы тапта Социалдык өнүгүү министрлиги сүйүнчү пулду жеӊил, ыңгайлуу жол менен алуу ыкмасын түзүп жатабыз деген жооп менен чектелип турган учуру. Өкмөт жетекчиси тарабынан бул ишти жеңилдетүү керек деген тапшырма берилген. Мисалы, ата-эне ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана сүйүнчү пул алууга бир эле жерден арыз жазып тапшырышы керек. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү төрөт үйүнөн алууга шарт түзүлөрүн буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдаган.
Эске салсак, балага жөлөк пулду жаӊы тартипте төлөп баштоого арналган мыйзамды Жогорку Кеӊеш 2017-жылы кабыл алып, күчүнө кирген. Ага ылайык, 2018-жылдын 1-январынан тарта жаңы төрөлгөн балага 4 миң сомдук жөлөк пул берилмек. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, 3-16 жаш аралыгындагы ар бир үчүнчү балага айына 500 сомдон берилүүгө тийиш эле. Декабрда өкмөт 1-январдан тарта Жөлөк пул жөнүндө мыйзамдын сүйүнчү акча бөлүгүн гана күчүнө киргизип, калган бөлүгүн ишке ашырууну 3 ай артка жылдыра турууну Жогорку Кеӊешке сунуштап, колдоо тапкан. Адегенде сүйүнчү акча 1-январдан тарта берилет деп айтылып, кийин бул мөөнөт февралга жылдырылган.
Сүйүнчү пул боюнча өкмөттүн токтомуна ылайык, баланын жашаган жерине жараша 4 миң сомго коэффициенттер кошулмакчы. Мисалы, Кара-Кулжа районунун алыскы айылдарына 1,2 коэффициент кошулуп, берилчү акчанын суммасы 4 миң 800 сом болот. Ал эми Ат-Башы районунун эң алыскы айылдарына 1,8 коэффициент коюлуп, жалпы сумма 7200 сом болмокчу. Жооптуу министрликтин билдиришинче, өлкө аймагында 2018-жылы болжолдуу түрдө 159 миң ымыркай төрөлүшү мүмкүн. Сүйүнчү пулду төлөөнүн улам артка жылырылышынын себеби эмне? Жол-жобосун жеӊилдетип ата-энелерге шарт түзүүбү же шайлоонун алдында Жогорку Кеӊеш ураалап кабыл алган популисттик мыйзамды аткарууга казынадан акча табылбай жатканыбы?..