Мектеп окуучуларынын каникулу 3-февралга чейин узарат

Мектеп окуучуларынын каникулу 3-февралга чейин узарат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, 5 күндүк окуу режиминде окуган окуучулар 31-январь, 1-2-февраль күндөрү окушпайт. Ал эми 6 күндүк окуу режиминдегилер 31-январь, 1-3-февраль күндөрү эс алышат. Буга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аба ырайынын температурасы 3-февралга чейин суук боло турганын билдиргени менен байланыштуу.

Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМ 26-29-январда өлкөдө суук күчөп, күндүз Бишкекте абанын температурасы -16 градуска чейин төмөндөй турганын, айрым тоолуу аймактарда -30 градус боло тургандыгын эскерткен. Буга байланыштуу мектеп окуучулары кыска каникулга таратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dima85z
2018-01-30 10:31:27
макул туура бирок суук болгонуна карабай мугалимдер иштеп жатат ушугада конул бурушса алабукада кадимкидей иш болуп атат деп эжекейим айтып келди мектеп суук дейт же аларга ашыкча айлык бербегенден кийин не реально бул жагы
+1
ziash85
2018-01-30 10:46:23
3-февраль суббота болот экен го?бул жагы кандай болот?
+1
HanTegin
2018-01-30 11:15:32
3-февраль окуу болбойт. 5кундуктор ансыз деле окубайт. А 6 кундукторго дагы дем алуу тура
0
Nazyk
2018-01-30 11:39:05
Туштукто суук эми башталды.
+10
Meruet84
2018-01-30 11:57:04
Менин уулдарым айылдан шаарга барып окушат,коомдук транспорт мн каттап . Биз үчүн жакшы болмок эгер каникулду узартып койсо.
+1
92nuraaly
2018-01-30 14:45:47
Бала бакчаларда иш болобу? Же аларга да каникулбу? Супер инфо ушул жонундо да маалымат берип койсонуздар сураныч!
+2
BakytAliev
2018-01-30 16:27:56
Студенттерди олбойт дейт окшойт булар а))
+4
nurik-95
2018-01-31 00:20:05
Студенттерди адам эмес дешсе керекта
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан