Бүгүн, 31-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралмак. Бирок Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекованын ооруп калганына байланыштуу жаңы жактоочу дайындалды. Ал соттон иш менен таанышып чыгууга убакыт берүүнү өтүндү. Сот ага эртеңкиге чейин даярданууга убакыт берди. Отурум эртең, 1-февралда саат 10:00дө улантыла турган болду.
Жаңы дайындалган жактоочу Саня Ахмаметова журналисттерге бул убакыт иш менен таанышып чыгууга өтө аз экенин айтты.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.