Бүгүн, 31-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча бүгүн Жогорку Кеӊеште маалымат берди. Премьер окуяны териштирип, аягына чыгарам деген ишенимде. Депутаттар ЖЭБди жаӊылоого кеткен 386 миллион доллар кандай жумшалганын ачык так иликтеп жарыялоону, ЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылышты. Бул окуя боюнча "шалаакылык" беренеси менен эмес, "коррупция" беренеси менен кылмыш ишин козгоо зарылдыгын, ансыз жиптин учун табуу мүмкүн эместигин айтышты. УКМК, Башкы прокуратура, Финпол өңдүү мекемелердин иликтөөсүнөн тышкары бул иштерди иликтөө үчүн депутаттык комиссия да түзүлдү.
Негизги суроо дале жоопсуз турат. ЖЭБдеги аварияга, Бишкектиктерди 5 күн суукка тоӊдурууга кимдер күнөөлүү? Маселе 26-январда башталып, жооптуу органдар аны ЖЭБдеги эскилиги жеткен техникага шылтады. Бирок аварияны дароо жөндөп, Бишкекке жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпоого 100 пайыз мүмкүнчүлүк болгону айтылып жатат. Анткени ЖЭБдин иштеп жаткан бөлүгүндө маселе жаралган учурда анын ордуна иштетүүгө даяр жаӊы 2-блок турган. Бул 2017-жылы кытайлык ТВЕА компаниясы курган блок. Эмне үчүн аны дароо иштетпей 4 күн күтүп отурушту? 29-январда маалымат жыйында ЖЭБдин жетекчилерине журналисттер "эмне үчүн кырсыктан кийин дароо 2-блок ишке киргизилген жок? Аны ишке киргизүүгө ким жоопкер эле деп сурашып түшүнүктүү, так жооп ала албай коюшту. ЖЭБдин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу бул жоопкерчиликти биринчи орун басарына шылтап, орун басары жоопкерчиликти ар кимге шылтап, акырында 2-блокту ишке киргизүү буйругун "Электр станциялары" ишканасы бериши керек болчу деп, ишкана жетекчисинин биринчи орун басарынын атын атады.
2017-жылы августта ЖЭБ жаӊыланып бүтүп, расмий ачылышы өзгөчө салтанат менен өткөрүлгөн. Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевдин айтымында, 386 миллион доллар жумшалган ЖЭБ толук жаӊыланып бүткөн эмес. Депутат ЖЭБде азыркыга чейин химиялык блок курула электигин, 2-блокту ишке киргизүү үчүн эски блоктон суу тартып келүүгө 4 күн кеткенин айтып, жооптуу органдын жетекчилерин жалган айтпоого чакырды. Ал эми "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчысы Айбек Калиев ЖЭБди модернизациялоодо химиялык цех долбоорго кирбей калганын, азыркы тапта химблокту куруу жүрүп жатканын айтты. Парламент депутаттары ЖЭБди жаӊылоо долбоорунун техникалык экономикалык негиздемеси жок туруп келишим Жогорку Кеӊештен ратификациядан өтүп кеткенин айтып жатышат. Химиялык блок кийинки кышка чейин бүтөт деген үмүт бар.
ЖЭБдеги авария “шалаакылык” беренеси болобу, ал берене “коррупция” беренесине айланабы, айтор, жоон топ чиновниктердин жүзүн ачууну талап кылган окуя болду. Алгачкы чара катары премьер "Электр станциялары" ишканасынын директорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоевди жана ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулун кызматтан алууну талап кылды. Ал эми "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчысы Айбек Калиев кызматтан кетүүгө арыз жазганын, бирок арызга кол коюудан баш тартканын билдирди. Калиевдин тагдыры комиссиянын иликтөөсүнөн кийин чечилет.
“Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси ЖЭБ 2 күндүн ичинде калыбына келип, кадимки режимде иштеп баштай турганын билдирди. Бул суроо боюнча өкмөт башчы Сапар Исаков “Электр станцияларынын” жетекчисиндей оптимист болгусу келбеди, “акыркы окуялардан кийин булардын сөзүнө ишенбей калдым. Ушинтип убада бере беришет экен. ЖЭБ 1,5 – 2 аптанын ичинде толук калыбына келет”, - дейт премьер.
Жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаалда коомчулуктун нааразычылыгын учурдагы өкмөт башчыга буруп салуу эки топтун кызыкчылыгында болууда. Биринчиси, Кытай кредитинин пайдасын көргөндөр күнөөнү Исаковго оодара салып из жашырууга аракет кылышат. Экинчиси, ушул эле абалды пайдаланып бийликке келүүгө кызыкдар топтор. Ал эми өкмөт башчыда ушул окуяны пайдалануу менен энергетика тармагындагы коррупцияны ооздуктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү...
Акыйкатчы Кубат Оторбаев жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов №47-колонияга кирип, 8 жылга соттолгон саясатчы Өмүрбек Текебаевден кабар алып чыгышты. Аз күн мурун маалымат айдыңында “Текебаев отурган камеранын кире беришине эле эмес, ичине да видео-байкоо орнотулганы тууралуу маалымат тараган. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы маалыматты ырастап, муну “Текебаевдин коопсуздугу үчүн” деп түшүндүрмө берген. “Ата Мекендин” лидери камеранын ичине камера коюлуусуна каршы экендиги, бул басым көрсөтүүнүн бир түрү экендиги айтылып жатат.
"Ата Мекендин" юристи Канатбек Азиздин айтымында, Акыйкатчы Оторбаев Текебаевдин камерасына коюлган видеокөзөмөл кандай шартта иштей турганы жөнүндө түрмө башчысына суроо узатып, так жооп ала алган эмес. Текебаевдин адвокаттары камеранын сыртына гана эмес, ичине да видеобайкоо коюлушун Текебаевге жасалган кыйноонун, психикалык жактан басым көрсөтүүнүн элементи деп сыпаттап жатышат. Жазык аткаруу кодексине ылайык, абакта терроризмге айыпталып соттолгондордун же өмүр бою эркинен ажыратылгандардын камерасына коркунучтардын алдын алуу максатында видеокөзөмөл коюлушу мүмкүн. Бул аларды качып кетпесин, жүрүш-турушу жөнүндө зарыл маалыматтарды алуу үчүн деп алдын алуу үчүн көрүлгөн чара. Аталган кодекстин 18-беренесинде "Соттолгондор кыйноого жана башка адамгерчиликсиз, ырайымсыз же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө же жазалоолорго дуушар болбоого тийиш" деп жазылган. Текебаев өмүр бою соттолгондордун же терроризмге айыпталып абакта отургандардын да тобуна кирбейт.
Бул окуя бүгүн коомчулукта талкуулардын жаңы толкунун жаратты. Башкы "Ата мекенчи" түрмөдө отуруп да эркиндиктеги кимдир-бирөөлөргө тынчтык бербей жатабы? Убагында "Кумтөр" долбоорундагы Кыргыздын үлүшүн кескин азайткан келишимге кол коюп, өлкөгө миллиарддаган сом зыян алып келүүгө жол берген чиновниктер "жазага тартуу мөөнөтү өтүп кетти" деген жол менен жоопкерчиликке тартылбай калышты. Айрымдары азыр майлуу-сүттүү кызматтарды ээлеп отурушат. Ал эми чет элдик кайсы бир жарандын оозеки көрсөтмөсүнүн негизинде "коррупция" беренеси менен 8 жылга соттолгон Кыргыз жараны террорчулардын катарындагы коркунучтуу кылмышкерлер категориясына киреби? Ансыз деле төрт дубалдын ортосунда отурган саясатчыны камеранын ичи-тышынан күнү-түнү көзөмөлгө алуу мамлекет үчүн канчалык зарыл? Өмүрүн мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө, өнүгүшүнө арнап келе жаткан адам өлкө үчүн ушунчалык коркунучтуу кылмышкерби?..