Актёр Павел Майков "Бригада" сериалын Орусияга карата жасалган кылмыш катары баалады

Белгилүү орусиялык "Бригада" сериалында Пчеланын ролун ойногон актёр Павел Майков аталган сериалды Орусияга карата жасалган кылмыш деп атады. Мындай пикирин актёр жергиликтүү гезиттердин бирине берген маегинде билдирген.

"Мага "Бригада" сериалы актёр катары өз пайдасын алып келди, элге таанытты. Бирок аталган сериал коомго жана биздин өлкөгө карата жасалган кылмыш, мен бул кылмышка катыштым, Безруков да катышты. Бирок кийин ал кайра Иисус Христостун ролун ойноду. Мен болсо "Бригададан" кийин ыйык адамдын ролун ойной албайт болчумун", - деп билдирген Майков.

Майковдун айтымында, сериалды көргөн жаш муун сөзсүз түрдө бандит болууну каалайт.

"Дүйнөнү зордук-зомбулук, коркутуп-үркүтүүнүн аркасынан сактап калууга мүмкүн эмес. Негизи эле Орусияда кино тармагы өнүкпөй калган, миллиондогон акчаларга эптемей тасмалар тартылууда", - деген ал.

Белгилей кетсек, көп сериялуу "Бригада" криминалдык драмасы экранга 2002-жылы чыккан. Сериалда Орусиядагы 1989-2000-жылдардагы абал сүрөттөлүп, бир кылмыштуу топ болуп чогулган 4 достун тагдырын баяндайт. Аталган сериалда башкы ролдорду Сергей Безруков, Александр Панин, Дмитрий Дюжев аткарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
guku_80r
2018-01-31 18:59:44
Эн туура мен кошулам. Балдар кинодон озгочо таасир алышат да.
+1
mister888
2018-01-31 19:30:42
кыргыздын канчалаган эр жигиттери бригаданы туураймын деп олуп кетти
0
muzhik_18
2018-02-01 00:11:12
туура айткан Пчелка, "братва рвется к власти" деген жери бар Паниндин, бизде дал ошондой болдуго и болуп атат
0
kolyn
2018-02-01 00:40:34
Актер Александр эмес(андай актер жок,однофамилец актер Алексей Панин бар)-Андрей Панин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан