Орусиянын Москва шаарында өткөн көркөм окуу боюнча “Жандуу классика” аттуу сынактын “Орус тилине колдоо көрсөтүү” бөлүгүндө кыргызстандык Даражан Адылбек кызы 1-орунду алды. Ал улуу жазуучу Ч.Айтматовдун "Эрте келген турналар" повестинен көркөм окуп берген. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, мелдешке Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Молдова, Казакстан, Орусия, Украина жана Польшанын мектеп окуучулары катышкан. Даражан Адылбек кызы Чүй облусундагы Лебединовка айылынын мектеп окуучусу.