Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңеште 2019-жылдан баштап евро-5 стандартындагы бензинге өтүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Бул мыйзам ЕАЭБ талаптарына ылайык сунушталган. Кыргыз мамлекетине бул стандартка өтүүгө 2021-жылга чейин убакыт берилген. КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев бул убакытты 2019-жылдын 1-январына чейин кыскартууну сунуштады.
Мыйзам долбоору атмосфералык аба дуушар болгон зыяндуу таасирди токтотууга багытталган. "Ага ылайык, евро-1, евро-2, евро-3, евро-4 стандартындагы күйүүчү майын сатууга жана пайдаланууга тыюу салынат. Сапаты төмөн күйүүчү майдан дем алуу органдарына зыян келтирүүчү химиялык күкүрт газы көбүрөөк чыгат. Анын кесепети дем алуу органдарынын бара-бара ракка чалдыгышын шарттайт", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорду 110 депутат колдоду.