Айрым депутаттар электр энергиясына болгон тарифти көтөрүш керек деген пикирде

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары электр энергиясына болгон тарифти жогорулатуу керек деген пикирде. Ал буга электр энергиясынын өздүк баасы жогору болуп, арзан баада сатылып жатканын негиз кылууда. Айтмамат Назаров тарифти жогорулатуу жолу менен гана өлкөдөгү энергетика тармагын жакшыртууга болорун айтты.

"Тарифтер көтөрүлүш керек. Бирок жанагы 700 киловатт деген калышы шарт. Ошол 700 киловаттын баасы өзгөрбөйт. Калган коммерциялык жагы, менин билишимче, 2 сом 24 тыйын болушу керек. Ошол бааны үч сомго чейин көтөрүү зарыл.

Биздин баа Орто Азиядагы эң арзан баа. Жарандар 700 киловаттка көнүп калды. Ошонун эсебин кармашат. Ошондуктан бул баа элге зыян алып келбейт деген ойдомун. Коммерциялык структуралар, бизнеске болгон баалар жогорулашы керек. Антпесек электр тармагын талкалап алабыз. Бүгүн электр энергиясы жылына 7-8 миллиард сомдун тегерегинде зыянга учурап жатат", - деди Назаров.

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев баа саясатын өкмөт көзөмөл кыларын айтты.

"Тариф саясатын биз өкмөткө бергенбиз. 5-чакырылышта биздин өкмөт суранганда тарифтерди аныктоо укугун өткөрүп бергенбиз. Азыр өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик алектенет. Анткени ушул жол менен энергетика тармагы насыя алууга шарт түзүлөт. Бирок учурда энергетика тармагы абдан эскирди, жасалуучу, оңдолуучу жабдыктар көп. Ал эми аны жолго коюу үчүн тариф саясатынан башка жол жок", - деди Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Karban86
2018-02-03 00:06:16
КМШ олколорунон арзан болсо, ошол эле КМШ олколору менен айлыктарды салыштырдынарбы?!
+6
love_you
2018-02-03 00:29:15
ёпта, ошол жетим жесир карапайым элден жеген акчанар бир жеринерден чыксын!!!!!!. башка айтаар соз жок. адамга адамча соз айтсан жарашат, айбандарга жогорудагыдай эле соз болот. !!!!
+4
gulzat85
2018-02-03 09:37:52
Аиий дагы каякка которот эми.аран толоп атсак
+3
NeRiNa
2018-02-03 10:45:15
Дагы мартта Акаевди качыргандай митинг кылышка туура келет.
+1
nurhan2702
2018-02-03 13:19:03
NeRiNa,светти кымбаттатам деп Бакиев айдалган
+2
nurhan2702
2018-02-03 13:18:16
Ушул чиновниктер бироосу да светке Ж. б. Салыктарга олуп кетсе акча толошпойт. Элди кыйнаганды гана билишет. Элдин каргышына калгырлар
+3
raykray
2018-02-03 17:12:09
Эмне мынча баарын баасын которот???башка мамлекеттерге озун тенеп?!илер жумуш мн камсыз кылыштыда суйлойсунорбу
+1
Aidar151080
2018-02-03 17:16:51
Эмне эле мынча жабышып калышты. Көтөрсө эле КЫРГЫЗСТАН өнүгүп кетчүдөй болуп.ушулардын азабы өттү.
+1
aruuzatmeka
2018-02-03 18:23:56
Элди жок кылып алгыла,кыйнап журуп.
+1
bakulya2015
2018-02-04 03:36:58
Айлыгынарды азайтып и санынарды да азайтып коюш керек. Кандай адамдар иштейт тообо.
+1
alikgz
2018-02-04 04:22:13
ээ Ак уйдогулор козунорду ачкыла эми дагы которолу деп уялсанар боло .

1500/2000 толоп жатабыз берген айлыгынар 6000 мин болсо газ свет мусор суу акылдуу ичечигинерге толоп озубуз орозо кармайбыз окшойт...козунорду ачкыла туугандар....
+1
jaskaaa
2018-02-04 04:42:12
Айлык акыны байкаштырып анан ойлонсонор боло. 4000 5000 мин алгандар кантип жашайт.Ансыз деле алган айлыктын жарымын мамлекет алып атат.Депутаттарга тарифди 5 сом кылыш керек анда
+1
ayka91
2018-02-04 12:49:00
Макул которгуло. Бирок элдер шарт койсо силерге, ошого макул болосунарбы? 1:айлыкты,пенсияны, которсун эн аз айлык 10мин сом болсун. 2: баатыр эне, беш баласы бар, майыптыгы барлардын светтери Бекер болсун,суу озубуздон чыгат Бекер кылсын, депутаттардын санын 70%азайтсын, айлыгын 15мин сом кылсын. Анан мен мисалы макул болмокмун. Кеебирлерге жомоктой угулушу мумкун, бирок реальный нерсе да туурабы? Колдон келет
+2
MoltirJan
2018-02-05 02:09:30
Электр энергиясын кымбаттаткыла,дагы сууну налоговый,бензин,ун,баарын кымбаттатып озунор жеп жутуп,карапайым элди ачка калтыргыла.И так 5кун жылуулуксуз калтырдынар кантип уялбай айтышты экен?
+1
nur123456
2018-02-05 05:38:31
Уялгыла айлыкты 20 минден ойдо кылып котор биринчи анан светти котором дебейсинби бакиевти эмнеге кетирдин анда кайра алып келип кой ошол барда арзан болчу баарынар кеткиле силер келип кымбаттатынар силердин келген шылтоонор ошол тариф болчу
+1
Football.kg
2018-02-05 11:54:00
Орто Азияда эн арзан тариф бизде дейт. Эй, бай болгур! Орто Азидагы башка мамлекеттерде ошого жараша айлык-маянасы, пенсия-пособиеси бир кыйла жогору бизге караганда. Ошону эсепке алгылада! Бизде бензинден баштап продуктуларга чейин баарынын баасы которулуп баратат. Аны козомолдогон эч ким жок. Эми кымбаттатбаган ушул электр-энергия тармагы эле аалды эле. Уялгыла кыргыздын бок курсак атка минерлери.
+2
MKW.MYRZAiYM
2018-02-07 09:33:57
Football.kg,туура айтасыз, Баягы эле карапайым эл кыйналат, бийликтерге баарыбир.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан