Бүгүн, 2-февралда Ысык-Көл облустук соту Каракол шаарындагы медициналык колледждин директорунун өлүмү боюнча ишти карап, өкүм чыгарды. Ага ылайык, Каракол шаардык сотунун өкүмү жокко чыгарылып, айыпталуучу 40 жаштагы Р.М. аттуу аял Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды.
Эскерте кетсек, 2016-жылы 17-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайдын директору 1957-жылы туулган Анарбүбү Апсалиева өз үйүндө өлүү табылган. Анын өлүмүнө шектелип ошол эле окуу жайдын эсепчиси Р.М. аттуу 40 жаштагы аял кармалганын облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкен.
2017-жылдын 15-ноябрында Каракол шаардык соту соттолуучу Р.Мны 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде тагылган айыптан актап, ага карата башка иштер боюнча өкүмдөрдү чыгарган. Тактап айтканда, Р.М. медициналык окуу жайдын эсепчиси болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мекеменин бюджетине тийиштүү акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алгандыгы аныкталган.
Кийин өкүмгө нааразы тарап Ысык-Көл облустук сотуна кайрылышкан.