КҮНСЕРЕП: Жээнбеков соттон уткан 5 миллиондон баш тартты

Бүгүн, 5-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков 24.кг маалымат агенттигинен 5 миллион сом айып пул өндүрүү арызын кайтарып алды. Ал сот аткаруучуларга доодон баш тартарын билдирген. Бирок ажо аталган сайт жарыялаган макаланын автору Кабай Карабековдон 5 миллион сом өндүрүү арызынан баш тарткан жок. Эмне болгон миллиондор?

2017-жылы сентябрда аталган маалымат агенттигине экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Сочиге барганы боюнча "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген аталышта макала чыккан. Президенттикке талапкер Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы "жалган жалаа" деп атап сотко кайрылган. Сот сайтты жана макаланын автору Карабековду ар бирин 5 миллион сомдон айыпка жыккан.

Өлкөдө 2017-жылы бийлик алмашып, президенттик кызмат бир адамдан экинчи адамга өттү. Коомчулук "кандай башкаруучу болот" деп Жээнбековдун ар бир кадамына, аракеттерине дыкат көз салып турган учур. Ушундай кезде эски "таарынычтардан" баш тартып, жалпы журтка карамдуу ажо болуу Жээнбековго пайда гана алып келери түшүнүктүү. Агенттиктен 5 миллион сом өндүрүп алуудан баш тартканы өлкө башчыга коомчулуктан жакшы баа алып келди. Ошентсе да Жээнбековдун айкөлдүгү доонун жарым суммасын төлөөчү журналист Карабековго жетпей калды...

Түрмөдө отурган саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыровдун жакындары Бишкекте №47-колониянын алдына митингге чыгышты. Талабы - жогорудагы айыпталуучулардын талабын аткаруу. Айыпталуучулардын талабы аткарылбаса митингге чыгууну токтотпойбуз дешет. Аны менен катар камактагы үчөө УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин да талап кылып чыгышкан.

Аталган саясатчылар 2016-жылы "өлкөдө төӊкөрүш жасоону пландашкан" деген шек менен кармалгандар. Ал учурда интернетке оппозициялык саясатчылардын сүйлөшүүсү делген аудиожазуу тараган. Аудиожазууда элди нааразычылык акцияларына алып чыгуу, көтөрүү жөнүндө сөз болот. 2017-жылы апрелде Биринчи Май райондук соту Асанов менен Кадыровду "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап ар бирин 12 жылдан, Карыбековду "кылмышты жаап-жашыруу" жана "мамлекеттик чыккынчылык" беренеси менен 20 жылга эркинен ажыраткан. Бектур Асанов 2010-2011-жылдары Жалал-Абад облусунун губернатору болуп турган. Эрнест Карыбеков 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин өкмөттүк аппаратта иштеген. 2016-жылы “Өзбекстандын атайын кызматтарына маалымат сатты" деп айыпталган. Кубанычбек Кадыров 2010-жылы ички иштер министринин орун басары кызматын аркалаган.

Бул үч адамга каршы козголгон кылмыш иши азыр Бишкек шаардык сотунда каралууда. 30-январь күнү Асанов, Карыбеков жана Кадыров саясий ачкачылык жарыялашып, сотко ишенбейбиз деп чыгышты. Алар 7 күндөн бери суу ичпей жатышканы айтылды. Бул арада интернет желесине Бектур Асановдун сотто айткан сөзү деген аудиожазуу тарап, анда Асанов сотко ишенбесин, мындан ары соттук отурумдарга келбей тургандыктарын айтып: "Каалаганыӊардай соттой бергиле. Биз аягына чейин саясий ачкачылык жарыялайбыз", - дегенин угууга болот. Саясатчы “соттор Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасынын буйругун гана аткарууда” деп нааразычылык билдирген. Ошентип бул иш дагы шаардык сотто айыпталуучулардын катышуусу жок өтөрү мүмкүн болуп калды.

Мындай окуя буга чейин да орун алган. 2017-жылы октябрда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов Бишкек шаардык сотунун өкүмү чыккан күнү сот жыйынына келбей коюшкан. Өкүм окулуп баштаганда сотко ишенбөөчүлүк билдирүү катары алардын адвокаттары да сыртка чыгып кетишкен.

Асанов, Кадыров жана Карыбековдун ачкачылыгы канча убакытка созулат? Кыргыз жеринде бийликтин адилетсиз иштерине каршылык көрсөтүү менен, ачкачылык кармаган адамдын курман болгону коомчулуктун эсинде. Ал Аскар Акаевдин доорунда, 2002-жылы болгон. Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылып кетишине, Жогорку Кеӊештин ал кездеги депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышына нааразычылык билдирип ачкачылык кармаган коомдук ишмер Шералы Назаркулов 22 күндөн соң дүйнө салган. Андан бери 16 жыл өттү. Эч кандай саясий иштер, чечимдер адам өмүрүнөн өйдө турбашы керек. 27 жылдык эгемендүү тарых Кыргызды бул баалуулукту сактоого үйрөтө албай келе жатат...

Өлкөдө 1 аптада 20 564 жол эрежесин бузуу окуясы катталды. Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, мас абалында унаа айдап жүргөн 188 айдоочу кармалды. Айып аянтчасына 1 аптада жалпы 835 автоунаа киргизилген. Кыргыз бийлиги жол кырсыгын азайтат деп акыркы 7 жылда эле мыйзамдарга көптөгөн өзгөртүү, толуктоолорду киргизди. Акыркы жолу тийиштүү кодекс 2017-жылы декабрда толукталып, жаӊы нормалар күчүнө кирди.

Ушул жылдын 25-январында президент Сооронбай Жээнбеков Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, айдоочуларга жаза катуулаган. Эгер жол кырсыгынан жабырлануучу анча оор эмес жаракат алса, айдоочу 3 эселеп айыпка жыгылып 3 жылга чейин унаа айдоо укугунан ажырашы мүмкүн. Же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Ушундай жагдай боюнча мурда айыптын суммасы 10 миӊ сом болсо, жаӊы нормага ылайык эми 30 миӊ сом төлөөгө тийиш. Жол кырсыгынан жабырлануучу каза болсо, анда айдоочу 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жол кырсыгынан бир нече адамдын өмүрү кыйылса, күнөөлүү айдоочу 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат деген жаза эми 7 жылдан 12 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат деп өзгөртүлгөн. Айтор, эреже бузган айдоочуларга жаза жылдан жылга күчөтүлүп жатат. Азырынча кагаз жүзүндө гана. Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулу жол кырсыгында бир нече адамдын өлүмүнө себепкер болгон, бирок ал соттолгон жок, эркиндикте. 2017-жылы Ысык-Көлдө мас абалындагы кыз унаасы менен "Тез жардам" унаасын сүзүп, 4 адам каза болгон. Жол кырсыгына күнөөлүү кызды сот 10 жылга шарттуу кести. Мындай мисалдар ондоп, жүздөп саналат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан