Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков "ар-намыска, кадыр-баркка жана ишкерлик беделге шек келтирди" деген доо менен 24.kg маалымат агенттигин жана анда жарыяланган макаланын автору Кабай Карабековду сотко берди. Жээнбеков мындай арызы менен кечээ, 20-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна кайрылган. Бул тууралуу 24.kg агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жээнбеков доо арызында маалымат агенттиги менен журналисттен "ага-ини Жээнбековдордун радикалдуу араб уюмдары менен тыгыз байланышы" жөнүндө жазылган маалыматты төгүндөөнү жана ар биринен 5 миллион сомдон моралдык зыян төлөп берүүсүн талап кылууда.
Кеп 11-сентябрда 24.kg маалымат агенттигинде Кабай Карабековдун "Сочиге иш сапар. Мураскор эмнеси менен мыкты экенин Кремлге кайра түшүндүрүшөбү?" деген аталыштагы макаласы жөнүндө болууда. Анда Москва тарапты "ага-ини Жээнбековдордун радикалдуу араб уюмдары менен тыгыз байланышы бар болушу мүмкүн" деген Кыргыз жана Орус атайын кызматтары берген маалымат тынчын алып жатканы тууралуу жазылган.
Маалымат агенттигинен билдиришкендей, бул макала буга чейин талапкердин штабынын талабы менен алып салынган.