"Саясий туткундарды коргоо" комитети: "Соттук отурумга Бектур Асановду алып келишкен жок. Анын абалы оор экен"

Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаардык сотунда оппозициячыл Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдун иши каралып жатат.

"Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат SUPER.KG порталына билдиргендей, соттук отурумга Бектур Асановду алып келишкен жок. "Учурда соттук отурум өтүп жатат. Бектур Асановду алып келишкен жок. Эрнест Карыбековду жана Кубанычбек Кадыровду алып келишти. Бектур Асановдун абалы оор экен", - деди Зульфия Марат.

Эскерте кетсек, 30-январда жогоруда аты аталган жарандар кургак ачкачылык жарыялашкан. Мындан улам алар УКМКнын тергөө абагынан №47-колонияга которулган.

2016-жылы март айында оппозиция өкүлдөрү Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде кармалышкан.

Сотто Бектур Асановдун мындан кийин соттук отурумга келбей турганы боюнча айткан аудио интернетке тараган. Анда Асанов Кыргыз мамлекетиндеги сот системине ишенбей турганын билдирген. Ошону менен катар эле алар ачкачылыкты аягына чейин кармай тургандарын айткан.

"Бул жакка келип сотко катышкандын эч кандай жыйынтыгы жок. Мен экинчи сотко келбейм. Сотко ишенбейм, каалагандай соттой бергиле. Акыр аягына чейин ачкачылыкты кармайбыз", - деп айтылат аудиодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан