Саясатчы Адахан Мадумаров камакта ачкачылык кармап жаткан оппозициячылдар боюнча оюн билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-февралда маалымат жыйынында билдирди.
"Мен ачык айтайын, адилет сот системи болсо ачкачылык жарыялаган саясатчыларга кам санабайт элем. Алардын айткан сөздөрү бүгүнкү кырдаалга жооп берип жатат. Алар эмне кылсаңар ошону кылгыла деп жатышат. Бул алардын жашоодон түңүлүп жатканынан кабар берет. Эл мөңгүсүн казып жатса да "менин көчөм эмес, менин үйүм тынч болсун" деп калды. Так айтыш керек бул көрүнүш Кыргыз мамлекетиндеги соттун чирип кеткенин далилдейт. Ачкачылык жарыялаган азаматтарга сабак, үлгү көрсөтүү мезгил келди. Алардын абалын көрүп кайдыгер карап турган элге рахмат. Эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттарына дагы рахмат. Жогорку Кеңештин депутаттары коомдук транспорттордо жүргөндөн уялбай ушундай нерселерден уялсын", - деди Мадумаров.
Эскерте кетсек, 30-январда Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдун кургак ачкачылык жарыялашкан. Мындан улам алар УКМКнын тергөө абагынан №47-колонияга которулган.
Сотто Бектур Асановдун мындан кийин соттук отурумга келбей турганы боюнча айткан аудио интернетке тараган. Анда Асанов Кыргыз мамлекетиндеги сот системине ишенбей турганын билдирген. Ошону менен катар эле алар ачкачылыкты аягына чейин кармай тургандарын айткан.
"Бул жакка келип сотко катышкандын эч кандай жыйынтыгы жок. Мен экинчи сотко келбейм. Сотко ишенбейм, каалагандай соттой бергиле. Акыр аягына чейин ачкачылыкты кармайбыз", - деп айтылат аудиодо.
2016-жылы март айында оппозиция өкүлдөрү Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде кармалышкан.