Бишкекте “Көөнөрбөс казына” аттуу тасмалаштырылган масштабдуу концерт өтөт

11-12-13-июнь күндөрү саат 19:00дө Бишкектеги “Манас” кинотеатрында “Көөнөрбөс казына” аттуу тасмалаштырылган концерт болот. Бул тууралуу аталган концерттин координатору Талант Төлөбеков бүгүн, 10-июнда маалымат жыйында билдирди. Айтымында, даярдалып жаткан мындай масштабдуу концерт акыркы 20 жылдан бери боло элек. Ырчы Токтобек Асаналиевдин жакында берген концертине 90дон ашык артист, музыканттар катышып, алар 18-кылымдан тартып азыркы учурга чейинки убакыттагы кыргыздардын каада-салтын, кийим-кечегин, уюткулуу өнөрлөрүн жана совет мезгилиндеги жарык көргөн ырларды чагылдырганга аракет кылышкан. “Бул тасмалаштырылган концерттин өзгөчөлүгү – көрүүчүлөр Кыргызстандын музыкалык бай мурасына гана күбө болбостон, ата-бабадан сакталып келе жаткан улуттук кийим-кечектерин да көрө алышат”,- дейт долбоордун режиссёру Алтынбек Максутов. Долбоордун башкы каарманы Токтобек Асаналиев мындай идея 1 жыл мурун пайда болгонун айтып “эмне үчүн концерттерибизди адаттагыдан башкача, жаңылануу менен өткөргөнгө болбосун?” дейт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан