Бүгүн, 6-февралда экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Ал кайрылуусунда революциядан кийинки оор кырдаалда орчундуу иштерди Жээнбеков менен бирге жасаганын жана аны өлкөнүн кызыкчылыгын, мыйзамдуулукту жана адам укуктарын туу туткан инсан катары билерин айтып, депутат Аида Салянованын соттук ишине көңүл буруп коюуга чакырды.
"Менин сизге кайрылып жатканым да ошол акыйкаттык, адилеттик, калыстык маселеси. Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын үстүнөн болуп жаткан, учурда эң чоң коомдук резонанс жараткан сот процессине көңүл бурууга, тереңирээк маани берүүгө сизди чакырат элем.
2010-жылы ошол учурдагы юстиция министри Салянова мыйзамдын талабына ылайык Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кайра калыбына келтирүүгө буйрукка кол койгон, анткени артка кайтарууга эч кандай мыйзамдуу негиз жок болгон. Ошондой эле юстиция министри кызматынан башкы прокурор кызматына өткөн Аида Салянованын учурунда Алексей Елисеевге карата кылмыш иштери козголуп, анын кол алдындагы прокурорлор сот отурумдарында Кылмыш-жаза мыйзамынын өзгөчө оор беренелери боюнча Елисеевге коюлган айыптарды колдошкон, натыйжада ал соттолгон. Азыр болсо Саляновага "соттолгон адамга адвокаттык лицензияны берген" деп акылга сыйбаган айып тагылып жатат.
Ал эми Елисеев болсо адвокаттык лицензиясын кайра калыбына келтиргенден үч жылдан кийин соттолуп жатат. Болгондо дагы ошол эле Салянова өзү башкы прокурор катары көзөмөл алып, соттук териштирүү аягына чыгарылган кылмыш иши боюнча соттолгон. Елисеевге карата чыккан соттун өкүмүнө ылайык ага тиешелүү делген мүлк конфискация болгон, анын ичинде “Альфа-Телеком” (Мегаком) ишканасынын 100 пайыз акциясы дагы мамлекеттик менчикке өткөн. Бул талашсыз факт.
Ушунун өзү Аида Салянованын эч кандай жеке кызыкчылыгы болбогондугун далилдеп турат. Анда Салянова эмне күнөөсү үчүн соттолуп жатат? Укуктарды камсыз кылууда жана жасаган күнөөсү үчүн жоопко тартууда мыйзамды так сактагандыгы үчүнбү? Мыйзамдын талабын так аткаргандыгы үчүн сот жообуна тартуу логикага жата турган ишпи? Адвокаттар Салянованын күнөөсү жок экендигин так көрсөтүп, ага коюлган айып такыр негизсиз экендигин, акылга сыйбай турган иш экендигин сотко документтер менен далилдеп өткөрүп беришти", - деп жазылат кайрылууда.
Ошондой эле Отунбаева кайрылуусунда иш Ленин райондук сотунда шашылыш түрдө, процессуалдык ченемдердин бардыгын бузуу менен өткөнүн белгилеген. Андан сырткары Бишкек шаардык сотто ишке төрагалык кылып жаткан судья Ирина Воронцова иштин жыйынтыгына алдын ала эле кызыкдар экендигин ачык эле көрсөтүп, Салянованын ден соолугу начарлап кеткенине карабай сот отурумдарын тыгыз графикте өткөрүп жатканына нааразы экенин айткан.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.
Учурда иш Бишкек шаардык сотунда каралып, жарыш сөз жүрүүдө.