Орусияда Түндүк Кореядан келип эмгектенген мигранттарды депортациялоо башталды

Орусияда Түндүк Кореядан келип эмгектенген мигранттарды депортациялоо башталды. Бул Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюцияга ылайык жүрүүдө. Бул тууралуу Түндүк Кореядагы Орус элчиси Александр Мацегордун маалыматына таянып, чет элдик маалымат булактары жазууда.

"Түндүк Кореянын жумушчуларына тыюу салынышы, Орусиянын экономикасына сокку болот. Бирок биз БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимин аткарышыбыз керек. Орусиянын көптөгөн облус башчылары Түндүк Кореядан келген мигранттарды өлкөдөн чыгаруу иштерин баштады", - деди Мацегор.

Маалыматтарга караганда, Орусия жылына Түндүк Кореянын 12-15 миң жарандарына виза берет. Анын 90 пайызы кыска мөөнөттүү жумуш визасын түзөт. Ал эми Александр Мацегордун айтымында, Орусиянын аймактарындагы айыл чарба, өндүрүш, курулуш тармактарында 35 миңден ашык түндүк кореялыктар эмгектенет. Жумушчулар тапкан каражатынын 40-50 пайызын өздөрү алып, калган бөлүгүн мамлекетке беришет.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын сентябрь айында БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга карата санкцияларды киргизүү боюнча бир добуштан чечим кабыл алган. Ага ылайык, аталган өлкө экспорттук, импорттук мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырайт. Резолюциянын дагы бир бөлүмүндө, Түндүк Кореянын жарандарына жумуш берүүгө тыюу салуу каралган. Октябрь айында Орус президенти Владимир Путин резолюцияны ишке ашыруу боюнча мыйзамга кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
maks94.kb
2018-02-07 14:26:27
Бизикилер да кытайларга ушундай кылышса Кыргызстан Бир тазаланмак да чиркин
+13
nur_92
2018-02-07 14:44:53
Может наборот эмеспи даже москивичтер кореяда мигрант болуп иштеп журушотго корея бай россиядан караганда кореядан орустарды департ кылыш керек
-13
pyeon hwa
2018-02-07 14:58:33
nur_92, Тундук Корея Кыргызстандан да кедей жашайт калкы. Туштук Корея болсо онуккон
+7
odin-takoy
2018-02-07 18:00:45
pyeon hwa,тунтук корея дагы туштук корея дагы Кыргызстантын кыйла бай жашайт. Бирдекени билип жазсан доодуробой
-4
pyeon hwa
2018-02-07 19:04:35
odin-takoмен барып келгенден кийин билем, карапайым ел тозоктоле жашайт коргонумду айттым 5жыл мурун болчу
0
Azatbek83
2018-02-07 16:19:34
nur_92,Тундук Туштук Корея бар биринчи билип анан жазсан адашпастан!
+4
sladkaja_konfetka
2018-02-07 16:33:06
nur_92,Соз Северная Корея жонундо болуп жатат! Орустар Южная Кореяда иштешет. А Южная Корея экоо эки башка мамлекет, эки башка саясатты жургузушот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан