Биз социалдык тармакта

Фин саясатчысы: “Европа баш тартмайынча, тынчтык келишиминин мааниси жок”

Европа Биримдигинин 800 миллиард евролук кайра куралдануу планы жана Украинанын армиясын 800 миңден 1 миллионго чейин жеткирүү ниети Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Мындай пикирин фин саясатчысы, “Эркиндик альянсы” партиясынын мүчөсү Армандо Мема билдирген. Ал бул тууралуу X социалдык тармагындагы баракчасына жазган.

Саясатчынын айтымында, Европа кайра куралдануу планынан баш тартмайынча жана Украинанын армиясынын санын көбөйтүү ниетин өзгөртмөйүнчө, Батыш менен Орусиянын ортосундагы тынчтык келишимдеринин мааниси болбойт.

Мема бул жагдай Абу-Дабиде Украинадагы жаңжал боюнча өтө турган сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан