Эртең, 5-ноябрдан тартып 2027-жылдын 1-апрелине чейин Көк-Мойнок – Кубакы – Кочкор унаа жолунда жалпы салмагы 7 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын биргелешкен буйругуна ылайык, мындай чечим күз-кыш мезгилинде жол коопсуздугун камсыз кылуу жана кырсыктардын алдын алуу максатында кабыл алынган.
Чектөө учурунда оор жүк ташуучу унааларга Балыкчы шаары аркылуу өткөн Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолун пайдалануу сунушталат.