Миллиардер Илон Маск космоско унаасын жеткирди

SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү, миллиардер Илон Маск өзүнүн “Tesla Roadster” үлгүсүндөгү кабриолет унаасынын жердин орбитасында жүргөн видеосун жарыялады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматтарга ылайык, Илон Маск ракетанын жүк салуучу бөлүгүнө аталган унааны орнотуп, анын ролуна Starman манекенин отургузган. Макстын айтымында, унаа жерден болжол менен 400 миллион чакырым алыстайт жана секундасына 11 чакырым ылдамдыкта учат.

“Эгер ракета старт аянтынан гана учуп, ордунан жарылып кетпесе эле мен муну ийгилик деп эсептейм. Себеби мында 2 миллион килограммдан кичине эле азыраак жарылуучу нерсе бар. Эгер ал зат жарылып кетсе, бул жерде аз эле нерсе калат”, - деп Маск ракетаны учурарда айткан.

"Ракетаны учуруу АКШнын Флорида штатындагы Кеннеди атындагы космостук борбордо орун алган. Учуруунун башкы максаты - ракетанын иш жөндөмдүүлүгүн сынап көрүү болгон. Жүктөрдү жеткирүү үчүн коммерциялык тапшырмалар жок болгондуктан Маск өзүнүн унаасын учурууну чечкен. Ракетанын эки учуруучу бөлүгү жерге ийгиликтүү кайтып келген. Үчүнчү бөлүгү платформадан алыс эмес жайдагы океанга катуу түшүп, талкаланып кеткен", - деп жазышат басылмалар.

Илон Маск космоско унаасын жеткирди (7.02.18)
Илон Маск космоско унаасын жеткирди-2 (7.02.18)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Ulan2601
2018-02-07 18:41:20
Акчан болсо калтанда,талтандада талтанда!!
+17
Kojo1995
2018-02-07 19:00:53
Ulan2601, акчаң болсо мөлтөңдө дейт казактан кыргызчага которгондо
+1
arimle00
2018-02-08 09:05:37
Kojo1995,калтан деген молтон эмес
эле сумка деген)
0
King_239622
2018-02-07 18:44:53
Мына сага техниканын өнүккөнүн... Буйурса биз деле бир убактарда ушинтип космоско учаарбыз... Кудай буйурса өнүгөбүз инш Алла
+6
Adiletia
2018-02-07 19:12:05
King_239622, коё турчу биринчи аша учуп алсын
+7
AKCAHAT
2018-02-08 00:10:51
King_239622,космосту койуп биринчи Бишкектин кочолорун ондоп алайлы
+1
aerforce
2018-02-07 18:53:00
эми космостуда булгайт экенсинерда пробка кылып))
+14
jbolotov
2018-02-07 19:07:52
Илон Маск спайс х добоору космоско жук жеткирип кайра ошол эле кеме келуусу менен уникалдуу. Чет элдиктер илимий ондуруштор менен чыгып атса биздикилер болсо арак чыгарып ошол боюнча астыда экенбиз.
+1
Adiletia
2018-02-07 19:11:29
Эми аша менда жеткизем деп чыкпаса болду
+1
gulzar_gulu
2018-02-07 19:54:25
Ушинтип, Айга же Марска же Чолпонго көчүп калат экенбиз да. ))
0
MAN-CITY
2018-02-07 19:54:34
Дагы бир космический мусор кошулду орбитада
+2
Isco23
2018-02-07 20:03:38
Ушу акмактар бут озон катмарын тешип бутушту
+2
OMURBEK.
2018-02-07 22:11:23
Ошондо 1 дегенде 11километир учабы
+2
barsbegKG
2018-02-08 01:24:59
OMURBEK.,километИр эмес сен Новрузов Мүрсүңбү?
0
Rifle_I
2018-02-08 00:57:18
Tesla автоунааларын биз да айдап калсак экен Кудай буйруса .
0
Aidar.001
2018-02-08 02:40:56
Россияны коюп ошол жакка эле иш ачылса экен эми, машинасын жууп -тазалап турганы деле уча берет элем
0
yrysbek
2018-02-08 08:43:34
Ушундан коро сууга зар болуп жаткан элдерге жардам берсен чооон сооп алат элен, бирок айла жок андай нерселерге акылын жетпей ыйманын жок болгон учун сен ушул нерсени жасадында бакыт табам деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан