"Коррупцияга малынгандарга өз элинин, мамлекетинин, ишинин кызыкчылыгын, кесиптештерин саткандар деп мамиле кылуу керек. Алардан тазалануубуз зарыл", - деп бүгүн, 8-февралда Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков айтты. Өлкө башчысы коррупцияга аралашкан аткаминерлерди мамлекеттик кызматтардан алыстатуу зарылдыгына токтолду.
"Коррупцияга аралашкандарды кайра мамлекеттик органдарга ишке орношууга эч кандай мүмкүнчүлүк калтырбашыбыз керек. Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү күчөтөбүз. Мен укук коргоо, көзөмөл жана сот системдерин тазалоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүнү талап кылам.
Дагы бир жолу кайталап айтайын. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, айрым таза эмес кызматкерлерден арылышыбыз керек. Өз тармагыңарды оңдоп, ишти тартипке келтиргиле. Силерге дагы бир мүмкүнчүлүк берип жатам. Бирок мөөнөт кыска болот, жыйынтыктарды создуктурбай чыгарабыз. Менин талаптарым катуу болот", - деди Жээнбеков.