Бүгүн, 8-февралда Тажикстан чек арасын убактылуу жапканын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Тажикстан чек арадагы "Кулунду" жана "Кайрагач" өткөрүү бекеттеринен адамдардын, унаалардын өтүүсүнө тыюу салды. Ошондой эле Тажикстан Лейлек районундагы Сай аймагындагы көпүрөгө өтө турган жолду жаап, чек арачылардын санын көбөйткөнү маалым болду.
"Кулунду" эл аралык өткөрүү бекети болгондуктан киргизилген чектөөлөр үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок. Ал эми Лейлек районунун эли Сада конушуна Сада каналы аркылуу мектеп окуучулары үчүн көпүрө курулган. Көпүрө курулганга чейин окуучулар көп аралыкты басып өтүүгө аргасыз болуп жатышкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, тажик чек арачылары мектеп окуучуларынын сабакка барып келишине кыйынчылыктарды жаратып келген. Учурда эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат", - деп билдиришти мекемеден.
Мындан тышкары Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн саат 16.00гө карата абал туруктуу экенин кабарлады.