Тажикстан чек арадагы бекеттерди ачып, чек арачылары Максат-Кулунду көпүрөсүнөн кетишти

Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын чек арасындагы "Кулунду" жана "Кайрагач" өткөрүү бекеттери ачылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, учурда чек арадагы абал туруктуу.

"Эки тараптуу сүйлөшүү жыйынтыкталып, эки өткөрүү бекеттери ачылып, бекеттер штаттык режимде иштеп жатат. Ошондой эле Тажикстандын чек арачылары тосуп турган Максат-Кулунду көпүрөсү да ачылып, унаалар эки тараптуу каттай баштады. Учурда абал туруктуу", - деди Бөрүбаева.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-февралда Тажикстан "Кулунду" жана "Кайрагач" өткөрүү бекеттеринен адамдардын, унаалардын өтүүсүнө тыюу салган. Ошондой эле Тажикстан Лейлек районундагы Сай аймагындагы көпүрөгө өтө турган жолду жаап, чек арачылардын санын көбөйткөнү маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Blackmoon
2018-02-08 18:51:42
Ушул биздин бийлик качанкыга чейин лох болуп жүрө берет экен
+9
KAYRATBEK
2018-02-08 19:02:59
Лохтор лох болуп келген лох бойдон кала берет. Копурону кааласа ачат кааласа жабат. А биздикилерден кабар жок. Аман болгула башка айтар соз жок.
+6
Leilek-razzakov
2018-02-08 19:23:52
Бекер ачыптыр. Эми бензовоздордун баары Лейлекке карап жонойт коросунор. Ансыз да келип жаткан. Тажиктер жыргашатта эми, Интернациол айыл ээлеп албаса болду.
-2
Zhoro
2018-02-08 22:36:21
Сооробай кечээ Рахмонго неге бардын, рахмондун жообу бул сага , качан ойгоносун Кыргыз?
0
Gulnyr19
2018-02-09 00:51:34
Алар неге чыгып келип неге жапты бир себеби барбы
0
Omush94
2018-02-09 19:12:03
Не себептен жапты? Ким жооп берет
0
Targarien
2018-02-09 23:23:46
Озбок менен тажикке чекараны ачып кыргыздын жерин бастырып тарттырып журо бергиле Кыргызды озунун жеринен атып кетет А биздин солдаттар озбокторду мархамат деп тосуп алат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан