Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы №52-"Мамай" атындагы орто мектептин төрт мугалими катышкан жол кырсыгында жабырлануучу Мукадас Ажибаева аттуу мугалимдин жолдошу Азизбек Ажибаев эч кандай жардам көрсөтүлбөй жатканын SUPER.KG'ге билдирди.
"Жубайымдын абалы оор болуп жатат. Кечинде ага Жалал-Абад шаарынан дарыгерлер келип операция кылышты. Бирок анын денеси бүтүндөй жанчылып калганынан улам эсине келе албай жатат. Жубайым орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болчу. Алар ишемби күнү волейбол оюну боюнча спартакиададан келе жатышып кырсыкка кабылышты. Негизи мектеп оюн уюштурган соң, алардын барып келген унаасынан бери камсыздап бериши керек эле да. Бул жактан андай болгон жок. Анан дагы мектеп жетекчилиги келип жубайымдан кабар алган жок. Учурда дары-дармек боюнча чуркап жүрөм. Билим берүү министрлигинен деле кабар алган киши боло элек", - деди ал.
Ал эми мектептин директору Ташимырза Умаркулов мугалимдерге райондук билим берүү мекемеси тарабынан жардам каралып жатканын SUPER.KG порталына билдирди.
"Кырсыкка кабылган мугалимдер жыл сайын райондор аралык өткөрүлгөн спорт боюнча спартакиадага барышкан. Мен өзүм унаага салып кетиргем. Алар кырсыкка оюн бүтүп, Кербен шаарынын борборуна карай келе жатканда кабылышыптыр. Негизи аларга мен "оюн бүткөндө айтып койгула, алып кетем деп айткан элем. Бирок алар бир аз шаар кыдыралы дешкен окшойт. Каза болгон мугалимдер Айчүрөк Исманова 1988-жылы туулган, мектепте информатика мугалими болуп эмгектенген. Артында эки баласы калды. Ал эми Гүлазым Сармырзаева башталгыч класстын мугалими болуп иштечү. Анын сөөгү кечээ жерге берилип, артында эки баласы калды. Албетте, жакындарынын кайгысын жардам менен толтура албайбыз, ошентсе да Аксы райондук билим берүү мекемеси тарабынан каза болгон мугалимдердин жакындарына 5 миң сомдон акчалай жардам берилгени жатат. Биз дагы ар кандай жардам көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз", - дейт мектеп директору.
Ал белгилегендей, учурда абалы оор болуп жаткан Мукадас Ажибаева орус тили жана адабияты мугалими болуп иштесе, Гүлмира Таштанова англис тилинен сабак берет. Бүгүнкү күндө мектептин жамааты жана райондук билим берүү мекемеси тарабынан да алардын дары каражаттарына жардам көрсөтүү аракеттери каралып жатат.
Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлеринин бир күндүк айлык акысы мугалимдердин жакындарына жардам катары которулат. Мындай маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Министр Гүлмира Кудайбердиева каза болгон мугалимдердин жакындарына көңүл айтат", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 10-февралда Аксы районунун борбору Кербен шаарында милиция кызматкери унаасы менен 4 мугалимди сүзүп кетип, экөө каза болгон. Ал эми дарыгерлер жаракат алып ооруканага түшкөн мугалимдердин бирине операция жасалганын кабарлашкан.