Кыргыз өлкөсүнүн Корея Республикасындагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлиги элчиликти бул өлкөгө жеке иштери менен барган кишилерди тосуп алууга мажбурлап жатканын айтып чыкты. Кылычбек Султан "Азаттыктын" бир нече суроолоруна жооп берди.
- Кылычбек мырза, сиздин билдирүүңүзгө эмне себеп болду?
- Мындай нерселер болуп эле турат, оозеки түрүндө, өтүнүч катары айтышат. Ошондо бул биздин милдетибиз эмес экенин түшүндүрүп, аларды жасаганга шартыбыз жана убактыбыз туура келбей турганын айтып коёбуз. Бирок бул жолу мени таң калтырганы - кагаз тапшырма, буйрук катары келди. Бул бир жагынан таң калычтуу, экинчи жагынан кенебестик болду. Мен бул нерсени коомчулукка ачык айтып чыгууну туура көрдүм.
- Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү “Кыргыз мамлекетинин элчиликтери жана консулдуктары бардык Кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүүгө багытталган, андыктан муктаж жарандарды тосуп алышы да керек” деп жооп кайтарды. Аэропорт шаардан алыспы? Кызматкерлердин саны жетишпейби же каражатыңар жокпу?
- Келгендерди тосуп алуу элчиликтин милдети эмес. Эгерде муну элчиликтин милдети катары карай турган болсок бул жакта биздин беш миңге жакын жараныбыз жашайт. Анда баарына тең караш керек да. Экинчиден, тапшырмалар да жүйөлүү болуш керек. Эгерде адам майып же дагы кандайдыр бир олуттуу себептери болсо тосуп алыш керек. Ошондой эле расмий делегация келсе, биз алардын ишин көзөмөлдөп турушубуз керек болсо, биз муну өз милдетибиз катары кабыл алабыз. Бул жерде сөз болуп жаткан адам окууга келе жаткан экен, ошону тосуп алыш керек дегенди мен мыйзамсыздык деп эсептейм. Эгерде буйрук берген адам муну мыйзамдуу деп эсептесе, чара көрүүгө укугу бар, сотко же жетекчиликке кайрылсын. Мен буга даярмын.
- Силердин эрежеңер кандай? Канча кызматкер иштейт? Каражат жагыңар кандай?
- Албетте, аэропортко чейинки аралык 100 километрдей болот, болжолум боюнча 1,5 сааттык жол. Учуп келген адамды тосуп алууга алдын ала барыш керек. Ошентип жарым күн бир-эки кызматкер ошол жакта жүрүш керек болот. Элчиликтин, мамлекеттин акчасы ашып-ташып атса, эгерде ушул үчүн гана элчиликти кармап отурса, анда ошол акчаны аз камсыз болгондорго берсин. Элчиликтин жумушу жетиштүү, бул жерде иштегендер тынымсыз өзүнүн багыты боюнча жолугушууларды уюштурат, чогулуштарга катышат. Санап отурса, элчиликтин милдетине ондогон пункттар кирет. Мени кошкондо беш адам иштейбиз.
- Ушундай көрүнүш башка элчиликтерде канчалык кеңири жайылган?
- Кызматка канчалык көз каранды болсо, ошончолук кеңири жайылса керек. Мисалы, Малайзияда элчи катары иштеп жатканда бизге расмий кат келген. "Конституциялык палатанын төрагасы түндө Индонезиядагы расмий жолугушуудан кайтып келет. Ошого жардам берип койсоңор" деген. Жогорку бутактагы адамдын аэропортто калып калышы туура эмес. Ошон үчүн ага жардам берүү үчүн, экинчиден, ага урмат көрсөтүү үчүн айдоочу менен өзүм бардым. Түнкү саат бирде тосуп алганбыз. Бирок ал жалгыз эмес экен, жанында эки адам жана тил билген бирөө бар экен. Ошол жерде бул ашыкча болуп калды. Себеби ал Малайзияга эмес, Индонезияга бараткан адам болчу, аэропорттон транзит менен өтүп бараткан. Барып, учурашкандан кийин ушул аэропорттун мейманканасы бар экенин айттым. Бирок таң калычтуусу – "биз Куала-Лумпурга барып, Эгиз мунараны көрүшүбүз керек эле" деген эркелөө болгон. Айдоочубуздун түн ичинде алыска жол тартып, аларды ары-бери ташып жүргөнү канчалык туура? Ал да бирөөнүн баласы да. Уктап кетиши же кырсыкка кабылышы мүмкүн. Ошол нерсеге көңүл бурулбаганы мен үчүн таң калычтуу болду.
- Сиз ушул маселелерге көңүл бурууну өтүнүп, тышкы иштер министрине, премьер-министрге кайрылдыңыз. Кандай жооп күтүп жатасыз?
- Биринчиден, тартипке чакырыш керек деп ойлойм. Экинчиден, бул көрүнүшкө чекит коюш керек. Мен мындай нерсеге жол бербейм. Жакында эле депутаттар да "элчиликтер инвестиция тарткандын ордуна конок тосуп алып, аны узатып, туристтик агенттиктин функциясын аткарып калышты" деп айтып чыгышкан. Убакыт - бул чоң ресурс, ошону эркелеген чиновниктерди алып жүрүүгө эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонуш керек. Муну дипломаттар ачык айтышыбыз керек.