Бүгүн, 12-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Премьер-министр Сапар Исаков Дубайда өкмөттөрдүн VI дүйнөлүк саммитине катышты. Анда өкмөт башчы жаӊы технологиялар өлкөнү артка тарткан көйгөйлөрдү чечүүдө жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын билдирип, “Таза коом” долбоору жөнүндө айтып берди. Буга чейин Исаков “Таза коомду” Швейцарияда өткөн дүйнөлүк экономикалык форумда да тааныштырган. Исаковдун оппоненттери бул иштер үчүн “жасала элек ишти дүйнөгө жар салууда” деп сындашты.
“Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырмакчы болуп турган Кыргыз өкмөтүнүн делегациясы Дубай полициясынын башкы кеӊсесинде болуп, анда “Акылдуу Дубай” долбоору менен таанышты. Маалыматка таянсак, Дубайдын коопсуздугу учурда 8 миӊ видеокамера, санариптик жабдуулар, спутник жана дрондун жардамы менен 24 саат бою көзөмөлдөнөт. Дубай полициясынын башчысы Абдулла Халиф аль Марри “Дубайдын башчысы сиздердин алдыга койгон пландарыңыздарды ишке ашырууга колдоо көрсөтүү жана көмөктөшүү тапшырмасын берди”, - деп билдирди. Исаков өлкөдө “Акылдуу шаарды” ишке ашырууда Дубай полициясынын Штаб-квартирасы менен кызматташууга кызыкдар экенин айтып, дубайлык адистерди тажрыйба бөлүшүү үчүн Бишкекке чакырды. Кыргыз тарап “Акылдуу шаар” долбоорун 2019-жылдын жай айларында бүтүрүүнү пландоодо.
Премьер “Акылдуу шаар” долбоору “Акылдуу Дубай” долбооруна окшош болорун, жол кыймылын көзөмөлдөө боюнча Казакстан менен Тажикстанда иштеп жаткан системден кескин айырмаланарын айтып келет. Акыркы 7 жылда Кыргыз чиновниктери, депутаттары мамлекетте реформа жүргүзүү боюнча Грузияны такай мисал кылып, суктанып, бирок Грузиянын ийгилигин Кыргыз өлкөсүндө кайталоо мүмкүн болгон жок. Учурда өкмөттүн аракеттери үмүт жаратат. Бирок ишке ашырылган долбоорду барып көрүп, таанышып келүү менен андай долбоорду ишке ашыруу эки башка нерсе. Учурунда Грузиядагы реформа менен таанышып келүүгө барган делегациялар да көп болгон.
Исаковдун планы боюнча шаарларды санариптештирүү коррупцияны азайтып, бюджетти толтурууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. 8-февралда Коопсуздук кеӊешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүсү керек болгон мамлекеттик органдарды “өзүңөр коррупцияга батып калдыңар” деп айыптап, тийиштүү органдарга талаптарды койгон. Президент “коррупция менен күрөшүүгө саясий эрк керек. Андай эрк менде бар” деген. Кыргыз эли эми ажодон да, өкмөт башчыдан да бир гана нерсени күтөт, сөздөн ишке өтүүнү, жыйынтыкты кагаздардан, отчёттордон эле көрбөй, өз жашоосунда сезүүнү...
Ошто 1 апта мурда энеси тарабынан сабалып эсин жоготкон 2,5 жашар бала ооруканадан каза тапты. Ал Ош шаарында жерге берилди. Баласын сабаган келиндин ата-энеси кызы менен сүйлөшүүдөн да, небересинин сөөгүн жерге берүүдөн да баш тартышты. Окуя боюнча “бейбаштык” беренеси менен ачылган кылмыш иши “киши өлтүрүү” беренесине алмаштырылды. Жаш келин камакка алынды.
Мындай окуялар өлкөдө балдар жана энелер камкордукка муктаж экенин көрсөтүүдө. Жашоо-шартка байланыштуу Кыргыз жеринде көп балдар ата-эне мээримине муктаж өсүүдө. Кыргыздын 1,5 миллионго жакын жараны чет жерде иштеп жүрүшөт. Алардын көпчүлүгү балдарын жакындарынын кароосуна таштап кеткендер. Ошентип ата-эне мээримин толук сезбеген шартта бир муун өсүп жатат. Тажрыйба көрсөтүп жаткандай, ата-энесинин кароосунан тыш калган же өгөй ата-эненин колундагы балдар ырайымсыз мамилеге, зордук-зомбулукка көп кабылышат. Расмий маалыматтарга таянсак, балдарга карата зомбулуктардын 95 пайызы жакын туугандары тараптан жасалат. ЮНИСЕФтин Кыргыз жериндеги өкүлү Мунир Мамедзаденин айтымында, өлкөдө балдардын 57 пайызы зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылышат. Акыркы учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата зомбулук күчөп жатканын айтышат адистер.
Мисалы, 2013-жылы 35 жаштагы келин кайнисинин 2 жашар кызын сабап, эстен танган кыз ооруканага түшкөн. Тергөөдө кылмышка шектүү келин 2 жашар кызды кышында муздак суу куюлган идишке отургузуп сыртка чыгарып, кирдин суусун ичирип жүргөнүн моюнга алган. Кыздын ата-энеси кызын минтип бирөөгө тапшырып, өздөрү унаа жуучу жайда иштеп жүрүшкөн. Бул окуяда күнөөлүү келин 17 жылга соттолду. Ал эми 2015-жылы 2 жашар баланы атасынын бир тууганы катуу сабап, бала эс-учун билбеген абалда ооруканага түшкөн. Сабалган бала бир нече ай комада жатып, кийин өзүнө келген. Тергөөдө белгилүү болгондой, баланын ата-энеси ажырашып кетип, кылмыш болгон маалда бала атасынын бир тууганынын үйүндө жүргөн. Бул кылмышка шектүү адам өмүр бою, анын аялы 15 жылга эркинен ажыратылды. 2017-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери баласын көчөдө тепкилегени үчүн камакка алынып, көп өтпөй эркиндикке чыгарылды.
Мындай кейиштүү окуялар өлкөдө балдарга, демек, Кыргыздын эртеңки келечегине карата камкордук начардыгын, канчалаган коркунучтуу окуялар катталбасын, бул тармак каралбай жатканын көрсөтүп жатат. Кыскасы, Кыргызда балдар коргоого муктаж...