Сапар Исаков Дубайда "Акылдуу шаар" кантип иштеш керек экенин көрдү (фото)

Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында Дубай шаарынын полициясынын Штаб-квартирасында болуп, анда полициянын ишмердүүлүгү жана "Акылдуу шаар" коомдук тартипти коргоодогу алдыңкы технологиялардын колдонулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Дубай полициясынын башчысы Абдулла Халифа Аль Марри сегиз миң камера, ошондой эле мобилдик жабдуулар, спутник жана дрондун жардамы менен шаардын көчөлөрүндөгү абалды түз байкоого алуу, башкаруу борбору менен тааныштырды. Аталган жабдуулар автоматтык түрдө укук бузууларды жана жарандардын жүзүн аныктайт.

"Биздин максат - дүйнөдө эң коопсуз шаар болуу. Бул жакта заманбап маалыматтык технологиялар жана полиция кызматкерлери коомго кызмат кылышат. Штаб-квартиранын ишинде жасалма интеллект колдонулат", – деди Дубайдын полициясынын башчысы.

Премьер-министр Сапар Исаков Штаб-квартиранын ишмердүүлүгү менен таанышуу Кыргыз өлкөсүндө "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырууга тажрыйба алмашуу максатын көздөй турганын айтты.

"Бул жерде жогорку кесипкөй команда чогулуптур жана сиздердин топтогон тажрыйбаңыздар бизге керек. Аталган долбоорду ишке ашыруу менен жол кырсыктарынын жана кылмыштуулуктун көрсөткүчтөрү бир топ эле төмөндөйт деп күтүп жатабыз. Шаарларда камераларды жана башка технологияларды орнотуу учурдун талабы", – деди Исаков.

Өкмөт башчы Дубай шаарынын полициясынын Штаб-квартирасынын өкүлдөрүн тажрыйба алмашуу жана кызматташуу суроолорун деталдуу талкуулоо үчүн Кыргыз жергесине чакырды.

"Биздин жамаат Штаб-квартиранын ишмердүүлүгүнө берген жогорку баа үчүн ыраазычылыгын билдирет. Дубайдын башчысы сиздердин алдыга коюлган маселелерди ишке ашырууда көмөктөшүү жана колдоо көрсөтүү тапшырмасын берди. Биз "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүбүздүн адистерибизди жиберүүгө даярбыз. Дүйнөдө ар бир укук коргоо органынын тартипти камсыз кылууда жана кылмыштуулукту азайтууда иштеп жаткан тажрыйбасы бар. Буга байланыштуу биз кыргыз тараптан дагы адистердин тобун күтөбүз", – деп белгиледи Дубай полициясынын башчысы.

Премьер-министр Сапар Исаков ушул сыяктуу долбоорлор абдан жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, шаарларды санариптештирүүнүн жардамы менен коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, жергиликтүү бюджет толукталарын айтты.

"Башкысы инновациялар биздин жарандардын коопсуздук деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Азыркы тапта биз инвесторлор менен техникалык суроолорду иштеп чыгып жана "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында жаңы таасирдүү чечимдерди жана технологияларды издеп жатабыз", – деп белгиледи өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (81)
bosmos77777
2018-02-11 19:29:49
Бишкектин абалы чатак экен! Ондоо керек. Чындыкта бул доолборду аткарууга ботон олконун иш тажырыйбалары керек.
+3
Baku88
2018-02-11 19:49:18
Кыргызстан онугот буюрса. А силер нааразы болуп жүрө бергиле.
+1
boika85kg
2018-02-11 20:35:35
Акылдуу шаар долбоору жакшы экен ишке ашса эгерде ,
Анан өзүңөр андан акылдуу болуп сол чөнтөкө сала берсеңер кайдан өнүгөбүз!
+3
ruslanz
2018-02-11 21:20:53
Дубайда иштеген проект, Бишкекте да иштейт жанылыштык. Жашоо денгели б-ча ОАЭ 26 орунда КГ болсо 157 орунд турат. Ан сезим таптакыр башкача.Машиналардын баарын катташ керек, толтура акча,убакыт кетет.Акчаларды,убактыларын корруп-ны жойгонго жумшашса болмок,Корруп. азайса калганы озу эле ордуна келе баштайт.
+2
Azatbek83
2018-02-11 21:47:35
Чындыгын айтканда бул чондор баары ойу менен фантазиясы менен онуго беришет айткандары жазуу турундо эле калып иш жузуно чыкпайт аны мойунга алыш керек! Алты миллион калкы бар жон эле онугуп кетсе болот.Эмне кереги бар ошончо жепжутат министирлердин?!Бир президент он он беш депутатда жетмек.Алар кобойгон сайын уяла беришет окшойт эртен биз пентхаусда жашабагыныбызга уялып шапкебиз менен кочугубузду жабып отобуз деп да айтышат.
+4
ruslanz
2018-02-11 21:56:08
Корруп-я кучоп кетти,аны менен курошуш керек деп 25жылдан бери айтып кележатышат,айткандары ошол эле жерде калат.Тэскерисинче барган сайын кучоп баратат.Туура акылдуу шаар да керек,бирок ага чейинки жумуштар коп болуп жатпайбы.
+5
gulia90
2018-02-11 23:04:51
Тоо-tashty уруша берип топурак кылып салайын депсинер гооо))))
+1
gulmi
2018-02-12 00:08:06
10 кошоматчы олтуруп алып минус басып жатат.Уяты жоктор.Силердей адамдар бар Кыргызстан онукпойт.Коррупцияны пайда кылып жаткан,Кыргыз элидин келечегин талкалап жаткан дал ошол КОШОМАТЧЫЛАР
0
Kymyzkyz
2018-02-12 00:19:43
Оозуңарды ачып отура бергиле деп комментарий жазгандар ушунча жылдан бери ооздорун жаап алып бир нерсе өзгөртүп кыйратып салгансып кыйын сүйлөп коюшуптур го тим эле. Кыйын болгондор эл үчүн эмне кылып койдуңар анчалык наалып.качан өзүбүз оңолмоюнча бизге оңдуу башчы келбейт. Баардык нерсени ар кимибиз өзүбүздөн башташыбыз керек бирөөнүн башындагы чөпкө асылбай.
+1
wwwbaxa
2018-02-12 00:20:33
Мынча асылдынар чындыкты айткан адамга,кичине ойлонсонор Кыргызстанда жакшы иштеген адамды,жэ камайт жэ атып жок кылат.оздоруно условия тузуш учун...
+3
only_progress
2018-02-12 00:41:35
Мени коптон бери ойлондурганы эмнеге бардык жолугушууларга только Сапар барып сапар таанышып сапар чечет неге Сокени жонотушпойт.Уже бул жагы ясно да...каерди окуба сапар исаков.сокенин аты эчжерде жок. Соке ушинтип абийиринди тушуруп намысынды сатып президент болбой эле койбопсун.
Анан экинчи суроом суперге неге ушул кабарга талкууну ачып койдунар?обычно саясатка байланыштуу жанылыктардын баарында "талкуу жабык"болчу эле го.же сапар жонундо элдин оюн билейин дегендер бар го э жо
+2
sara77
2018-02-12 02:19:54
only_progress,жаныланган системага ылайык азыр кобуроок куч Сапар Исаковдо. АША кетип жатканда ушундай системага откоруп кеткен. Ошон учун президенттикти откоруп берип атканда Сокеде бийлик азыраак, катуу сындабагыла деген.
0
Soni130587
2018-02-12 01:22:23
Мыкты жигит колунардан келсе силер барып иштегиле колунан келишинче иштеп атат.
0
Targarien
2018-02-12 02:15:21
Сооронбай ака Сапар аканин патинкесин ооп чанын жалагандар силерге окшош ары жок кошоматчылардан бийлик олчойгон карызды килтейген проблемаларды корбой кыйраттык деп журот Керек болсо дуйнодогу эн бай Бил Гейтс дагы кызматкерлери кандай сын пикир болсо ачык айткыла болгонду болгондой айткыла деп айтканы учун дуйнодогу эн чон жана бай корпорацияны кура алды
0
Baku88
2018-02-12 03:16:30
Аялдар калып эркектер ушакчы боло баштаптыр эки баш бириксе ушактап жамандап аялдар го мейли алар табиятынан ошондой жаралган а эркектерге эмне жок дейм да
-1
Baku88
2018-02-12 03:17:40
Биринен бири өтүп ушактап жамандап бири бирин коштоп
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан