Бишкек мэриясы: "Акыркы үч жылда "Тазалыктын" 6 кызматкерин машина сүзүп кеткен"

Айнур Султаналиеванын каза болорго чейин бир жарым саат мурун тартылган сүрөтү.Акыркы үч жылда Бишкектин көчөлөрүн тазалап жаткан "Тазалык" ишканасынын 6 кызматкерин унаа сүзүп, кырсыктын кесепетинен алар каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүнкүдөй окуялар мурда да бир нече жолу болгон, 3 жылда жумуш учурунда "Тазалык" ишканасынын 6 кызматкерин унаа сүзүп, кырсыктын кесепетинен алар каза болгон", - деп билдиришти Бишкек мэриясынан.

Андан сырткары мэриядан унаа сүзүп каза болгон Айнур Султаналиеванын үй-бүлөсүнө каржылык жактан жардам көрсөтүлөрүн да кошумчалашты.

"Айнур Султаналиеванын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Анын жакындарына каржы жагынан жардам берилет. Ал "Тазалык" ишканасында 2016-жылдын сентябрь айынан тарта иштеп келген, тирүү болгондо 26-февралда 60 жашка толмок", - дейт басма сөз катчы.

Айта кетсек, бүгүн, 12-февралда эртең менен саат 07:30дар чамасында Байтик баатыр жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде иштеп жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкери Айнур Султаналиеваны унаа сүзүп, ооруканага жетпей каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jaskaaa
2018-02-12 17:15:53
Жаман болгон экен! Жакындарына сабыр кайрат айтам!
+3
surgeon777
2018-02-12 22:42:56
Жаткан жери жайлуу болсун!Озу оор жумушта иштесе,анан жумуш убагында кырсыкка учураса...янычтуу тагдыр экен,сый-урмат коруп тордо отураар мезгилде кордо жатып калганы окунучтуу..Жайы жаннатта болсун эженин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан