Парламентте кадыр-баркты басмырлаган мамиленин алдын алуу маселеси каралат

Бүгүн, 13-февралда парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында кадыр-баркты басмырлаган мамиленин алдын алуу маселеси каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндаманы Улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов жасайт. Мындан тышкары күн тартипте "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Абдыбек Дүйшалиевди Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизүү маселеси каралат.

Ошондой эле "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан