Түштүк Кореянын мурдагы президентинин курбусу 20 жылга эркинен ажыратылды

Түштүк Кореянын мурдагы президентинин курбусу 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Сеул шаарынын соту 13-февралда Кореянын мурдагы өлкө башчысы Пак Кын Хенин жакын курбусу Чхве Сун Силди кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдаланууга, паракорчулукка айыптап, 20 жылга эркинен ажыратты.

Ошондой эле сот айыпталуучуну 16 миллион доллар айып төлөөгө милдеттендирген. Мамлекеттик айыптоочу соттон Чхве Сунду 25 жылга эркинен ажыратып, 116 миллион доллар айып салууну суранган.

Мындан сырткары сот "Lotte Group" компаниясынын жетекчиси Син Дон Бинди Чхве Сунга пара бергендиги үчүн 2 жыл 5 айга эркинен ажыраткан.

Чхве Сун Силдин аты Түштүк Кореядагы чоң коррупциялык чыр менен байланышкан. Ал өлкө башчысынын атын жамынып көптөгөн ири компаниялардан акча талап кылган. 2016-жылдын ноябрь айында камакка алынып, ага 18 берене боюнча айып коюлган. Сот иштери 1 жылдан ашык убакытка созулган. Бул окуядан көп өтпөй 2017-жылдын март айында өлкө башчысы Пак Кын Хе "коррупциялык иштерге байланышы бар" деген шек менен камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Benazir08
2018-02-14 01:24:11
Эми анын досунун бизге эмне кереги бар. Бир корейлик аялды деп жазсаанар да окуп коюп мммм бизде соттор иштебейт деп коетлек да
+2
Paol
2018-02-14 02:31:49
Бизде болгондо баары тескеринче болмок
+1
Azatbek83
2018-02-14 16:57:04
Benazir08, Анда айтышмак ал курбусу экен эмнеге курбусу деп жазбадынар деп!
0
bond02
2018-02-14 03:08:12
Биздикилерден да алып барып соттогулачы, же сотунардан 5-6ны бергилечи келип иштесин биз жакка.
+5
jbolotov
2018-02-14 14:04:13
Мына закон. Президенттин курбусу мамлекеттик сырларды президент менен ушакташат экен деп кармалган болчу. А бизде тетирисинчего.
-1
Mambetali
2018-02-14 14:21:16
биздин чондорго жыргалда иииий.... коррупцияга малынып буткон....
+1
Azatbek83
2018-02-14 16:55:47
Ашанын ушундай кылыш керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан