Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык футбол адиси АФКнын беттеш комиссары болду

Ата мекендик футбол адиси Канат Асенов тиешелүү даярдыктан ийгиликтүү өтүп, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) беттеш комиссары макамына ээ болду.
Кыргыз футбол биримдиги маалымдагандай, Асенов көп жылдан бери футбол тармагында эмгектенип, мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү багытында мол тажрыйба топтогон. Ал ата мекендик футболдун өнүгүшүнө өз салымын кошуп, футболдук иш-чараларды уюштурууда үзүрлүү эмгектенип келет.
Белгилей кетсек, Канат Асеновдун бул макамга ээ болушу менен Кыргызстан АФКда төрт беттеш комиссары аркылуу өкүлчүлүк кылат. Алар: Кемел Токабаев, Михаил Толкачев, Илдар Гарифуллин жана Канат Асенов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан