Ырчылар Султан Садыралиев менен Чыңгыз Турдубеков “Кайдасың?” аттуу ырды дуэт ырдап чыгышты. “Ырдын сөзү, обону Чыңгыз Турдубековго таандык. Ыр мындан 3 жыл мурун жазылган экен. Ал сүйүү тууралуу жана автордун башынан өткөн окуяны баяндайт. Быйыл аны Султан Садыралиевге сунуштап, бирге ырдап чыгышты. Жакынкы аралыкта ырга клип тарталы деп жатабыз”,- деди Султан Садыралиевдин менеджери Эрназар Таштанбаев.