АКШда өткөн “Эл аралык мурас” фестивалында Кыргызстан даңазаланды

АКШнын Нью-Жерси штатында өткөн “Эл аралык мурас” фестивалында Кыргызстан тууралуу кеңири маалымат таратылды. Бул тууралуу “Kyrgyz Club” бирикмеси билдирди. Фестиваль 8-июнда америкалыктарды ар кайсы мамлекеттердин маданий мурастары менен тааныштыруу максатында уюштурулган. Иш-чарага 50 мамлекет катышып, 8 миңден ашуун көрүүчүлөр келген. Келген көрүүчүлөргө Кыргызстанды “Kyrgyz Club” бирикмеси тааныштырып, анда улуттук кийим кийинген кыргыз кыздары Кыргызстандын жаратылышы чагылдырылган календарларды таратышты. Ошондой эле Кыргызстан тууралуу кыскача тасма көрсөтүлүп, кийизден жасалган буюмдар көргөзмөгө коюлду.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан