Бүгүн, 14-февралда Ак Үйдүн алдына "Трансформация" кыймылы митингге чыкты. Алардын талабы Чүй облусундагы 20 миңге жакын үй курулган жерлерди трансформациялоо.
Аталган кыймылдын жетекчиси Бекназар Айталиев бул маселе 2009-жылдан бери чечилбей жатканын айтты. Митингге болжол менен 40ка жакын адам чыкты.
Эске салсак, "Трансформация" кыймылы 24-январда Ак Үйдүн, өкмөттүн алдына митингге чыгышкан. Аларды Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин аппаратынын башчысы Тилек Мусаев кабыл алып, маселе карала турганын айткан.