Куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы, ырчы Мажиттин карындашы Кызсайкал Бөрүбаева учурда кош бойлуу. Эне болоруна аз калганы менен, сулуулук салонуна барып-келип иштеп жаткан учуру.
"Буюрса, эки айдан кийин наристебиз жарыкка келет. Ошол күндү жолдошум Эрнист экөөбүз чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. УЗИден кыз деп айтышты", - дейт ырчы.
Эске салсак, Кызсайкал өткөн жылдын жайында турмушка чыккан. Ал 6 жашынан тартып сахнага чыгып, "Апакем", "Балалык", "Достор" деген ырлары менен элге таанылган.
Түгөйлөр өткөн жылдын жай айында баш кошуп, сентябрь айында үлпөт тоюн өткөрүшкөн.